"Дем" театрынын жигиттеринин бири Камчы Сарыбаевдин кубанычы коюнуна батпай турган убагы. Шайыр жигиттин жалгыз иниси бой тартса да бойдок жүргөн. Апасынын "иниң үйлөнбөсө, келинчегиңди алып келип, айылда өзүң жашайсың" деген сөзүнөн улам "айылда жашап каламбы?" деп корккон Камчы эптеп инисин үйлөнгөнгө көндүрүптүр. Жетиөгүздүк таякелеринин кызын келин кылып алган Камчы анын колунан чай ичип бир жыргаса, айылда жашабай калганына бир жыргап отурат.