Белгилүү ырчы Айжан Газиева жакында эле сахналаштары менен Москвага гастролдоп барып келди. Ийгиликтүү өткөн концерттерден соң эс алуу жайларынын биринде отуруп Айжан ырдап көрүүнү чечкен. Ал жерде отурган "Фабрика звёзд" долбоорунун продюсерлери ырчынын аткаруучулук талантын байкап калышып, өзүлөрүнүн долбоорунда чогуу иштешүү сунушун киргизишкен. Бирок, Айжан баласын таштап ал жакта иштей албагандыктан, маал-маалы менен Орусиянын продюсерлери даярдаган кечелерде ырдап турмай болуптур.