Белгилүү продюсер Назгүл Насиева 14 жашар баласы жана жаш ырчы жигит Нурхан менен бирге Оштон келе жаткан. "Жол бою айдап чарчадыңыз" деп продюсерин аяган Нурхан жолдун ортосуна келгенде рулга отурган экен. Түндүн бир оокуму болгонуна карабастан катуу ылдамдыкта келе жаткан жигит Төөашууга жете берген жерде бир саамга көзү илине кетип, машина бир нече жолу аласалып кеткен. Бир канча убакыттан соң эстерине келишкен үч жүргүнчү жалпайып, таптакыр жарабай калган машинадан араңдан зорго суурулуп чыгышкан. Анан көргөн көздөрүнө ишенбей, ызаларына чыдабай айласыздан каткырышыптыр. Жакындарына эптеп телефон чалып билдиришип, үч саат бою суукта тоңуп турушкан соң аларды Назгүлдүн жолдошу шаарга алып келген. "Көр оокат качан да болсо табылат" деп Назгүл өздөрүнүн аман калганына сүйүнүп, машинасынын талкаланганына кайыл боло тобо кылып отурат.