ГҮЛЗИНАТ УЛУТТУК НАМЫСТЫ КОРГОП КЕЛДИ

Белгилүү "Шантелл" тобунун ырчысы Гүлзинат "Астана жылдызы" деп аталган дүйнөлүк фестивалда 1-орунга ээ болду. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген белгилүү ырчылардын арасында Дмитрий Маликов, Роза Рымбаева, "Ялла" тобу болду. Ал эми Гран-Приге Мальта мамлекетинин өкүлү ээ болгон экен. Бул фестивалда Гүлзинат Эрик Кадырбаевдин "Ак ордо" деп аталган чыгармасы менен сахнага чыккан. Ал эми казак туугандарыбыз Гүлзинатты "Айтылуу Чыңгыз Айтматовдун жердеши, биздин боордошубуз..." деген сыяктуу жылуу сөздөр менен эл алдына чакырышкан экен. Биздин мамлекет тарабынан адаттагыдай эле эч кандай колдоо болгон эмес.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 296, 4-10-июль, 2008-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан