Өзүн ар кыл жаатта сынап көрүүгө умтулган теледива Ассоль кайрадан "Assol" имидж-студиясын, ушул эле аталыштагы модель агенттигин ачты. Имидж студияда сулуулар өз бактысын сынашса, ал эми жаш жеткинчектер алпаруучунун өзүнөн сабак ала алышат. Бул жакта психология, актёрдук чеберчилик, бий, сахнада сүйлөө маданияты сыяктуу пайдалуу сабактар өтүлөт. Ал эми терисинин назик болуусун каалаган, безетки менен бырыштардан кутулгусу келген айымдар жана мырзалар болсо, "Assol" косметологиялык борборуна кайрылышса болот. Дагы бир айта кетчү жаңылык, теледиванын текшерүүдөн өткөн арыктоо программасы бар экен. Бул программа боюнча 12 күндүн ичинде 7 килограммга чейин салмак жоготсо болот экен, тобо! Муну өзү колдонуп көргөн Ассоль: "Программанын мыктылыгына 100 пайыз кепилдик бере алам",- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.