Айгүл Чалова бардык жаныбарлардан мышыкты жакшы көрөт экен. Анын мышыгы мындан эки ай мурун ооруп өлүп калганынан кабардар болгон Сапар Сопубеков ага жаңы туулган мыймый белек кылган. Ошентип, аппак кебездей болгон мышык ырчы кыздын жакынына айланды. Айгүл маанайы бузулса же жумуштан чарчап келгенде мышыгы менен ойноп көңүлүн көтөрүп жатыптыр. Мышыгын жакшы көргөнү ушунчалык, аны дайыма машинасына салып жүргөндөн тышкары түндөсү коюнуна алып жатканга да көнүп алган.