Мындан бир нече күн мурун Американын борбору Вашингтон шаарында120дан ашуун мамлекет катышкан "Азия" фестивалы болуп өттү. Фестивалга Кыргызстандын атынан кайсы аспап болбосун жан киргизе ойногон музыкант Курмангазы Азыкбаев үйбүлөсү менен катышкан. Бардыгы болуп 22 аспапта ойногон музыканттын үйбүлөсүнүн талантына катышуучулар да, күйөрмандар да тамшанып баа беришкен. Ошентип, биздин таланттуу жердештерибиз кыргыз элинин атын дагы бир жолу дүйнөгө таанытып, 1-орунга ээ болуп келишти. Баарынан да Курмангазыны биздин Америкадагы элчибиз Замира Сыдыкова абдан кубандырган. Музыканттын айтымында, ал айым Америкадагы бардык кыргыз жарандарынын башын кошуп, Кыргызстандан барган жердештерин кучак жайып тосуп алыптыр.