Мактагысы келген адамын чегине жеткире көкөлөтүп, сындыргысы келгенин сындырган төкмө акын Элмирбек Иманалиев жөнүндө акыркы күндөрү эл арасында ар кандай кептер айтылууда. Бири "көп ичип кетиптир" десе, экинчиси "башка аял алып алыптыр" дейт. Бул кептердин чын-төгүнүн билүү максатында төкмө акындын өзү менен маңдай-тескей отуруп баарлашкан элек. Ал маекти гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыздар.