Айбек Карымов жетектеген "Кылым муза" продюсердик борбору акыркы учурда кино тартууга көбүрөөк көңүл бура баштады. Бул борбор тарта турган кезектеги тасма "Сүйүү жана миллион" деп аталып, анда ырчы жигиттин тагдыры баяндалат. Ошондой эле "Кайып булак" тасмасынын күйөрмандарын кубанта турган дагы бир долбоор ишке киришти. «Кайып булакты» жараткан режиссёр Рысбек Жабиров эл оозуна алынып калган жаш ырчылардын катышуусундагы «Достор» аттуу тасмасын тартып жаткан кези. Биринчи тасмадан Айчүрөк, Сыймык, Гүлнур сыяктуу атактуу адамдарды көрсөк, экинчисине Султан, Урмат, Семалар тартылышат экен. Буюрса, бул эки тасманы жакынкы аралыкта кинотеатрлардан көрүүгө болот.