ТРОЯ

Гомердин “Илиада” поэмасынын негизинде тартылган легендарлуу “Троя” тасмасы 2004-жылдын хити болгону талашсыз. Бардыгыбызга мектеп программасынан бери тааныш болгон каармандар, атактуу троялык ат, Троянын кулашы тууралуу фильм адамзат тарыхынын кичинекей бөлүгүн сүрөт­тө­гөн. Эпикалык чыгарма Голливуддун көзү менен...

Режиссёру – Вольфганг Петерсен
Сценарийин жазган – Дэвид Бениофф
Продюсерлери – Колин Уилсон, Диана Расбан, Вольфганг Петерсен
Ролдордо: Брэд Питт (Ахиллес), Эрик Бана (Гектор), Орландо Блум (Парис), Дайана Крюгер (Елена), Питер О’Тул (хан Приам), Брайан Кокс (хан Агамемнон), Брендан Глисон (хан Менелай), Шон Бин (Одиссей), Тайлер Мэйн (Аякс), Роуз Бирн (Брисеида), Жон Шрапнель (Нестор) жана башкалар

МАЗМУНУ
Адамзаттын тарыхы жалаң улуу согуштардан куралган. Согуш дайыма адамдын түрдүү максаттарга жетүүсүнүн ыкмасы болуп келген: бийлик үчүн, байлык үчүн, даңк үчүн жана сүйүү үчүн. Байыркы Грецияда легендарлуу баатыр, Троянын ханзаадасы Парис менен Спартанын сулуу ханшайымы Елена экөөнүн сүйүүсү бүткүл дүйнөгө атагы жеткен улуу согуштун себеби болгон. Баш-оту менен махабатка кабылган Парис Еленаны алып качат. Сулуунун күйөөсү Менелай аялын кайтаруу үчүн Трояга согуш менен барат. Менелайга болушуп иниси Агамемнон Грециянын аскерлерин чогултуп келет. Бирок, кубаттуу дубалдар менен курчалган Троянын да душманга каршылык көрсөтө турган баатырлары бар. Хан Приам менен анын уулу Гектор эч качан душманына багынып бербейт. Анын үстүнө дүйнөгө атагы чыккан баатыр Ахиллес Троянын тарабында. Миңдеген аскерлер, улуу баатырлар баш болгон эки цивилизация адамзат тарыхындагы эң улуу согушта бетме-бет жолугушат. Алардын бирөөсүнүн жок болушуна эки адамдын сүйүүсү гана себепкер...

ГОМЕРДИН «ИЛИАДАСЫ» МЕНЕН ПЕТЕРСЕНДИН «ТРОЯСЫНЫН» АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ

  • Тасмадагы образдар бир топ идеалдаштырылган. Гомердин чыгармасында Парис Елена менен кошо көптөгөн байлыкты да ала кеткен. Тасмада каарман сүйгөнүн гана алып качкан.
  • Чыгармада Менелай согуш бүт­көн­дө жубайы Еленаны алып кетет, Парис болсо каза болот. Фильмде тескерисинче, Менелай Гектордун колунан каза таап, Парис сүйүктүүсү Елена менен калат.
  • Чыгармада 10 жылга созулган Троя согушунун акыркы жылы сү­рөт­төлгөн. Тасманын режиссёрлору бул согушту 2 жумага “кыскартып” коюшкан.
  • Тасманы оригиналынан өзгөчө­лөнт­көн эң негизги нерсе – байыркы грециялык кудайлардын жоктугу.

“Троя” тасмасы Гомердин чыгармасынан бир топ айырмаланганы менен белгилүү тарыхчы Шлимандын археологиялык маалыматтарына да таянып тартылган. Демек, андагы чагылдырылган окуялардын көбү чыныгы болуп өткөн тарыхый көрүнүштөр деп саналууга татыктуу.

АКТЁРДУК ТОП
Илгери кино деген шумдук жок болчу да, байыркы дүйнөнүн баатырлары ысымын түбөлүккө калтырып кетүү үчүн улуу согуштарда эрдигин көрсөтүп каза болушкан. Ал эми азыркы “баатырлар” жөн гана тасмага тартылып койсо жетишээрлик.
Тасма тартууга миллиондогон акча короткондон кийин аны кайра акташ керек. Кинотеатрга канчалык көп көрүүчү келсе, кирешенин көлөмү ошончолук чоңоёт. Ал эми көрүүчүнү мыкты жарнамадан сырткары тасмага тартылган актёрдук топ менен азгырууга болот. Ал эми Голливуддун эң атактуу актёрлорун бир эле фильмге барып көрүү бул – ар бир киносүйүүчүнүн кыялы. Фильмдин продюсерлери тасмага Бред Питт менен Орландо Блумду чакырып жатышып, эки жигиттин күйөрман кыздарына ишенишкен. Дүйнө жүзү боюнча мындай күйөр­ман­дардын саны миллиондон ашат. Демек, миллион билеттин сөзсүз түрдө сатылуусу бул – фильмдин ийгиликтүү жайылаарына берилген жакшы кепилдик.
“Баатырлардын” катарына фильмдин көркүн ачкан, көрөрмандын көз жоосун алган атактуу актрисалар Дайана Крюгер менен Роуз Бирн кошулганда күчтүү команда толук курулуп бүткөн. Дүйнө жүзүн­дө бир эле учурда бир фильмди көрсөтүп жаткан кинотеатрлардын саны боюнча ошол фильмдин ийгилик деңгээлин билүүгө болот. 2004-жылы 14-майда “Троянын” бет ачары болуп, алгачкы аптада эле тасма 7800 кинотеатрда көрсөтүлгөн.

КЫЗЫКТУУСУ...

  • Тасманы Лондондо, Мальтада тартышкан. Кээ бир көрүнүштөр Мароккодо тартылышы керек эле. Бирок, Ирактагы согуш күч ала баштаганына байланыштуу тартуучу топ мусулман өлкө­сү­нө баруудан баш тартышкан. Кино тартуу Мексикада уланган.
  • Тасмага кеткен 200 миллион доллардан ашык каражат эки эсе көп киреше менен акталган.
  • Актёр Бред Питт анын денеси байыркы грек баатырларыныкындай болсун үчүн жарым жылдык машыгуудан өткөн. Ал эми мыкты чабандес Гектордун ролун аткарган Эрик Бана атка мингенди ушул тасмага тартылаарда гана үйрөнгөн.
  • Эпизоддордун биринде Ахиллестин үстүнөн учак учуп баратканы көрүнүп калган. Бул катачылык дүйнөлүк кинокаталардын тизмесине кирген.
  • 13 ай тартылган “Троя” монтаждан кийин 164 мүнөттүк тасма болуп чыккан.


БРЕД ПИТТ
Толук аты – Уильям Бредли
Туулган жылы – 18-декабрь, 1963-жыл
Туулган жери – Шавни, Оклахома, АКШ
Бардыгы болуп 81 тасмада тартылган. Акыркы эмгектери – “Мистер жана миссис Смит”, “Вавилон”, “Оушендин 13 досу” (2007-жыл)
Эң чоң гонорары – “Оушендин 11 досу” (2001-жыл) тасмасында Растинин ролу үчүн 30 миллион доллар, “Троядагы” Ахиллестин образын жаратканы үчүн 18 миллион долларлуу болгон.
Бред Питт баптисттердин үйбүлөсүндө туулган. Атасы менеджер, апасы мугалим эле. Бир жашында ымыркай Бредди жергиликтүү телесериалга тартып кетишкен. Бирок, Бред өзү да, ата-энеси да андан атактуу актёр чыгаарына ишенишкен эмес. Мектепти бүткөндө Бред 360 доллар менен Лос-Анжелеске аттанган. Жогорку окуу жайынын журналистика бөлүмүнө тапшырып, эптеп акча табуу үчүн ресторанга кирген. Бирок, официант эмес, жөжөнүн кийимин кийген “жарнама-бала” болуп иштеген. Балким, Бредди “Даллас” сериалынын продюсери көрүп калбаганда, ал жөжөнүн формасын көпкө чейин чечпейт беле, ким билет. Сериалга тартылуу Бред үчүн оңой эле: табият тартуулаган жылдыздуулугу тез эле аны белгилүү актёрлордун катарына кошту. Чыныгы популярдуулук Питтке 10 жылга созулган атактуу “Достор” сериалынан кийин келди. “Жети” фильминде тартылып жаткан учурда актриса Гвинет Пэлтроу менен таанышкан. ”Бред 6-класстан бери тамеки чегет экен. Анын жакшы көргөн тамагы – пицца, ичимдиги – пиво. Экөөбүз окшош эмеспиз”,- деп Гвинет Питт менен болгон 3 жылдык мамилесин үзгөн. Кийин туруксуз Бред дагы бир атактуу актриса Женнифер Энистон менен үйлөнүшүнө аз калган. Ал эми Анжелина Жоли менен болгон мамилеси Питтин күйөрмандарын да таңкалтырууда. Учурда эки жылдыздын эки бакма уулу жана бир өз кызы бар. “2004-жылдын эң сексуалдуу мырзасы” Бред Питтин ыр жазганын билбегендер көп болсо керек. Анын альбомун азырынча эч ким уга элек. Мындан сырткары, актёрдун велосипеддер коллекциясы бар.

ВОЛЬФГАНГ ПЕТЕРСЕН
Толук аты – Вольфганг Петерсен
Туулган жылы – 14-март, 1941-жыл
Туулган жери – Эмден, Саксония, Германия
Бардыгы 44 тасма жараткан. Акыркы эмгектери – “Катуу бороон”, “Троя”, “Посейдон”
Режиссёрдун чыгармачылык жашоосу 1960-жылы башталган. 19 жашар жигит Гамбургдагы «Эрнст Дойч» театрында режиссёрдун жардамчысы болуп иштечү. 20 жашында алгачкы пьесасын койгон. Берлиндеги кино жана телевидение академиясын аяктаган соң 6 бөлүктөн турган сериал тарткан. Петерсендин чыныгы көркөм тасма катары тарткан “Экөөбүздөн бирөөбүз” фильми 1973-жылы германиялык улуттук байгеге ээ болгон. Кийинки тартылган “Кайык” фильми «Оскар» үчүн 3 номинацияда ат салышкан жана англиялык кинофестивалда “Эң мыкты чет өлкөлүк тасма” деген байгени алган. Ушундан кийин “Петерсен” деген ат Голливудда тааныла баштайт. “Президенттин учагы” аттуу тасмасы менен Петерсен өзүнүн талантын далилдеп, бүткүл дүйнөгө тааныла баштайт. “Троянын” продюсерлери бул тасманы тартууну бир нече режиссёрлорго сунушташкан. Сценарийди окуп чыккан соң жалгыз гана Вольфганг Петерсен тасманы тартууга макул болгон. Актриса Урсула Сиег менен 4 жыл бирге жашаган соң ажырашып кеткен. Бир кыздын атасы.

ОРЛАНДО БЛУМ
Толук аты – Орландо Жонатан Бленхард Блум
Туулган жылы – 13-январь, 1977-жыл
Туулган жери – Кэнтерберри, Кент, Англия
Бардыгы 25 тасмада тартылган. Акыркы эмгектери – “Элизабеттаун”, “Кариб деңизинин каракчылары -1,2,3”
Эң чоң гонорары – “Кариб деңизинин каракчыларынан” 80 миллионго жакын доллар, “Троядагы” Паристин ролу үчүн 5 миллион доллар алган.
Эрте жашынан атасыз калган Орландону апасы Соня Блум тарбиялаган. Кичинекей Орландо 9 жашына чейин тамгаларды жаттай алган эмес. Бирок, апасы жаттаткан ырларды үнүн катуу чыгарып көркөм айтып берчү. Энелик мээримге бөлөнүп өскөн Орландо өзү теңдүү балдардан таяк жеп чоңойгон. 16 жашында Лондондогу Улуттук жаштар театрына кабыл алынган. 1999-жылы жаш актёрго легендарлуу “Шакектер ээси” фильминен роль сунушталган. Бул актёрдун дүйнөлүк кинематографиядагы алгачкы кадамы жана алгачкы жеңиши эле. Атактуу киножылдызга айланган Орландо престиждүү деп саналган Гилдхолл музыка жана драма мектебине тапшырган. 2001-жылы кокустуктан 3 кабат үйдүн шыбынан кулап кеткен актёр оор операцияны башынан кечирген. Бул окуядан кийин актёр жашоону өзгөчө баалаганды үйрөнгөнүн билдирген. Орландо Голливуддун башка актёрлорунан айырмаланып байлык-бийликке кызыкпайт, кайрымдуулук иш-чараларга көп катышат жана жаныбарларды, табиятты коргоо уюмдарында мүчө. Орландо – буддист, эт жебейт жана үйүндө ит багат. Кичинекейинен француз тилинде таза сүйлөйт жана тамеки тартпайт.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 273, 25-31-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан