Кыргыз элинин сыймыгы болгон Ысыккөлүбүздө жайкы эс алуу сезонун салтанаттуу түрдө ачуу салтка айланып, бир нече жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Мындай салтанатты уюштуруу энчиси бул ирет продюсер Баяке Чааровго тийген. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал ырчылардын катышуусу менен коштолгон бул ачылыш салтанатка өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү жетекчилик катышат. Айтмакчы, салтанат эки күнгө созулуп, биринчи күнү Балыкчыда, экинчи күнү Чолпоната шаарында өтөт. Албетте, жылына бир жолу өтүүчү бул фестиваль улуттук телевидение аркылуу көрсөтүлөт.