Назгүл Насиева "60*К" тобунун жигиттери Самат жана Талант Кадыровдорго продюсерлик кылып жатканы көпчүлүккө маалым эле. Тилекке каршы, мындан ары бул союз чогуу иш алып барышпайт. Себеби, алгачкы жолу гастролго чыкканда эле ырчылар продюсерине көптөгөн нааразычылыктарды жаратышкан. Атүгүл Назгүл эженин кылган жакшылыктарын баалашпаган жигиттер эже жол кырсыгынан соң ооруканада жатып калганда да бир барганга жарашпаптыр. Продюсер эки ырчыдан катуу көңүлү калып, алар менен иштешүүнү токтотконун кабарлады.