Учурда уккулуктуу өзгөчө клиптери менен жаштардын бүйүрүн кызытып жаткан жаш ырчылардын бири – Алихан. Ырчынын "Кыялымдан кетпес" аттуу ырынын клибиндеги 700 сомго сатылып алынган тотукуш өлтүрүлдү. Аны клипте терс каармандын ролун аткарган Максаттын образын ачуу үчүн муунтушкан. Алгач тотукушту өлтүрүүгө эч кимисинин колу барбай, аябай кыйналышыптыр. Акыры терс каарман чымырканып, күчүн топтоп жатып анан өлтүргөн экен.