Ырчылык менен бизнести чогуу алып келе жаткан ырчы Гүланда мындан бир жума мурун "Ниссан Сафари" үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду. Баасы 5 миң доллар турган күмүш түстүү машинасын Гүланда учурда шаар ичинде зуулдата айдап жүрөт. Ырчы кыз айдоочулук күбөлүктү 2 жыл мурун эле алганы менен рулга отуруудан коркуп, сатып алууну кечеңдетип келген. Ырчынын машина айдоо боюнча тажрыйбасы жок болгондуктан, абдан этият жана сак айдоочу болуп жаткан кези.