Орто окуу жайын жаңыдан ийгиликтүү аяктаган ырчы Ильяз Андаш Каракол шаарындагы Юридикалык окуу жайына жана борбордогу Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун эстрада бөлүмүнө тапшырды. Айрым ырчылар бир окуу жайга эптеп жетишип жатса, Ильяз "эки окуу жайда тең күндүзгү бөлүмдө окуйм" деп чамынып жаткан кези. "Окууларымдын артынан жүрүп күйөрмандарымды сагындыра сахнадан чанда көрүнүп калбасам болду" деген кооптонуу ырчыда жок эмес. Эмнеси болсо да баарын убакыт өзү көрсөтөөр.