Жаш ырчы Кайрат Примбердиев өзүнүн жөндөмдүүлүгү менен улам бир жумушка талпынып изденүүнүн аракетин көрүп келет. Тактап айтканда, аны жакында эле азыркы улуу да, кичүү да муундун ырларын жазып жаткан белгилүү үнрежиссёру Нурдин Төрөбеков өзүнө жардамчы кылып жумушка алган. Үн жазуунун сырларын толук өздөштүргөн соң ырчы жигит өзүнчө студия ачууну да пландаштырууда.