Ырчы Айбек Карымов жетектеген "Кылым муза" продюсердик борбору улуу муун менен кичүү муундун ырчылары катышкан "Сүйүү жана миллион" тасмасын тартууга киришкен. Бирок, сценарийдин автору кинонун тартылышын бир аз убакытка токтотуу сунушун билдирген. Буга кинонун тартылышына кетчү каражаттын чечилбей жатканы себеп болгон.