Мекендешибиз Омар Кыргызстандын намысын коргоп Юрмалада жүргөнүн окурмандарыбыз жакшы билишет. Айта кетсек, сынак өз ичине 3 турду камтыйт. 1-турунда ырчылардын чыгуучу кезектерин Орусия эстрадасынын ырчылары чүчүкулак менен аныкташса, 2-3-турду ырчылар өзүлөрү чүчүкулак кармоо менен аныкташты. Омар 1-турда 8-болуп чыкса, 2-турда 9-болуп чыкмай болду. Ал эми 3-турда канчанчы болуп сахнага чыгаары азырынча сюрприз болуп турат. Сахнада өзүн алып жүрүү, вокал, артисттик өнөрү боюнча ырчыга Александр Резвин сабак берип жатат. "Юрмаланын эли меймандос экен. Катышуучулар менен конкурска даярданып, бош убакыт табылып калса эле ар кандай оюндарды ойноп жатабыз. Кыскасы, менде баары жакшы",- дейт биз менен байланышкан Омар.