Бир нече жылдар бою белгилүү теледива Ассоль Молдокматова өлкөбүздөгү аты таанымал айымдар менен бирде психолог, бирде имиджмейкер катары иштешип келет. Зор тажрыйбанын ээси Ассоль эми арыктоонун өзгөчө программасын иштеп чыкты. Анын кыскартылган курсу 12 күнгө, ал эми толук курсу 30 күнгө созулат. Бул кызматын элге сунуштоодон мурун Ассоль аны өз келбетинде сынап көргөн. Жыйынтыгында, ал 4 өлчөмгө кичирейип, 40-өлчөмдөгү кийим кийип, келбети огобетер көркүнө чыкты. Учурда теледива бул арыктоо программасы менен бирдикте "Арыктоо үчүн коктейл" продукциясын да даярдоодо. Жаңы ыкманы үлгү катары көрсөтүү үчүн Ассоль биздин окурмандардын же жылдыздардын арасынан арыктагысы келген бир кызга эксперимент жүргүзмөкчү. Ал кыз 12 күндө бул программа менен арыктап, келбети менен бул ыкманын күчүн далилдеп бермекчи.