Эл себелеген жамгыр алдында мезгилсиз дүйнө менен кош айтышкан эки жашты жерге берүүгө кыйбай турушту. Өмүр бою бирге болууну самаган экөөнү жанаша мүрзөлөргө жашырууга эч кимдин колу барбай жаткандай. Аттиң, каргаша болбогондо, каргашаны алып келген бирөө болбогондо эртең сүйүшкөн бул экөөнүн үйлөнүү тойлору болмок эле...
ЧЕЧИМ
Таалай сырткы дарбазаны чала жаап, үйгө дегдеңдей кирип, босогодо апасын сырдуу тиктеп туруп калды. Жүзүндө кубаныч. Айтпаса да апасы сезип турду. Уулу жакшы көргөн кызына жолукканда гана ушундай абалда келет. Демек, азыр жолугушуудан келгени.
Бир топко үнсүз тигилген Таалай ыңгайсыз:
– Апа, Айгүл мага турмушка чыгууга макулдугун берди,- деди кубанычын ичине жашыра мулуюп.
– Ушуну эле күтүп жүрбөдүк беле, берекем. Жакшы болуптур. Тойду качан өткөзсөк? Өзүң эле айтчы?! Атаң экөөбүз алдакачан эле сенин тоюң үчүн кам-чомубузду бүтөп койгонбуз. Бүгүн апкелсең бүгүн, эртең апкелсең эртең той бергенге даярбыз. Болгону, кыздын текебер атасы макул болсо эле болду эле. Билесиң го аны, илгертеден атаңа душмандашып келаткан неме.
– Апасы, туугандары болуп эптеп жатышып атасын көндүрүшүптүр. Айылдын башындагы таежеси: «Кызың ал балага турмушка чыкпай калса, «бул дүйнөдө жашабайм» деши да толук мүмкүн. Андыктан, бир жамандык боло электе макулдугуңду бер» деп ыйласа сестене түшүптүр да, «макул» дептир. Муну Айгүл өзү айтты. Тойду бүрсүгүнү өткөзсөк болобу, апа? Анткени, Айгүл бүгүн отпускага чыкты. Эртең даярданса, бүрсүгүнү алып келе берсем...
– Мейлиң, садага кетейин. Атаң экөөбүз кеңешип, тойдун камын көрөлү.
Таалай жылмайган бойдон чуркап чыгып кетти. Ошол бойдон түз эле досторуна баратты.
СҮЙҮҮ БАЯНЫ
Таалай менен Айгүл бир айылдан, алтургай көчөлөрү да жакын. Кичинекейлеринен бири-бири менен кубалаша ойноп чоңоюшту. Таалай Айгүлгө негедир ылым санап, аны башка балдардан коргоп, мунусу үчүн келтек да жээр эле. Ага да макул. Айгүлгө гана эч ким тийишпесе, мазактабаса, ыйлатпаса болду. Кыз гүл тергенди сүйөөр эле. Жаз, жай, күз анын кучагынан гүлдесте үзүлчү эмес. Саамай чачтары шамалга сеңселип, жылмайганда кетик тиштери көрүнгөн кыз өзүнө эмне үчүн жагаарын Таалай анда түшүнө берчү эмес. Болгону, ички сезими ал жакшы кыз экенин айтып тургандай болчу. Мезгил өтүп, Айгүл “мен жигитмин” дегендердин көзүн күйдүргөн тал чыбыктай буралган бийкечке айланды. Сөз айтып, артынан чуркагандар көп болсо да, кичинекейинен өзүнө абдан жакын сезилген Таалайдан башкасына көңүл бөлбөдү. Буга жигит ансайын кубанып, менменсине түшчү. Ошентип, эртең менен мектепке бирге барып, бир күн көрүшпөсө бук болуп кетишчү экөө окуучулук күндөрдүн аягына чекит коюшту. Таалай жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып, минтип төртүнчү курсту аяктап отурат. Айгүл сырттан окуп, менеджер болуп иштөөдө. Экөөнүн мамилесин айылдагылар бүт билишкендиктен, буларга жолугуп калышканда жылуу көз караш менен узатышчу. Кыздын атасы гана кызынын өзү жаман көргөн адамдын баласы менен сүйлөшөөрүн жактырбай, ал жөнүндө сөз болгондо жинденип кирчү. «Жалгыз бала, атасынан башка таянаары жок күйөө баланын кимге кереги бар?»- дечү оозунан көбүгүн чачыратып. Эми кас адамы менен кантип куда-сөөк болоорун билбей башы катып, болгон күчүн аялынан чыгарып кыйкырып жатты.
ТҮНКҮ СЕЙИЛ
Кеч кирген кезде Таалай Айгүл менен бактан жолукту. Мөмөлөрү төгүлүп, алма жыттанган бак жымжырттыкты жамынып турган эле. Эртең менен көрсө да, сагына түшкөн Таалай кыздын бетинен аяр өптү. Экөө той жөнүндө кепке киришти. Бир кезде Таалай «ой» деп чочуп алды.
– Унутканымды кара. Тапчы, мен сага эмне алып келдим?
– Мм…Гүл…
– Жок, жакшылап ойлон.
– Анда «тойго себин» деп атыр.
– Жок, таппадың. Эми көзүңдү жум да, колуңду сун.
Кыз анын айтканын кылып, кайра көзүн ачканда колундагы чынжырчаны көрдү. Тамчыдай аппак бриллиант чөгөрүлгөн ташы бар алтын чынжырча экен.
– Ой, кандай сонун! Бул магабы?
– Ооба, сага. Эртең эле көрсөтүп тагайын дегем. Бирок, ага чыдабай ичим бышып кетпедиби. Кел, тагып берейин.
Кыздын аппак алкымына алтын чынжырча куп жарашып калды.
– Рахмат, белегиңе. Мен да сага белек алып койгом. Бирок, аны эртең берем.
– Мейлиң. Сен мага өзүң тагдырыма келген белек экениңди билесиңби, жаным. Өткөндө китеп окусам, анда: “Кызгалдак гүлүн сүйгөндөр – эч кемчилиги жок төрт тарабы төп келишкен керемет жандар. Алар өздөрүн да, өзгөлөрдү да бактылуу кыла алышат”,- деп жазылыптыр. Муну окуп, туура эле сага мүнөздөмө берген экен дедим.
Кыз эркелей жигитке кыйгач карады. Кылыгына эрээркеген жигит кызды колуна көтөрө айланта берди. Экөө ошону менен кол кармаша бирде күлүп, бирде токтой калып, сөздөрү бүтпөй бакты аралап жүрүштү.
Бул кезде Таалайдын достору эртең айыл четиндеги көлгө барып, эс алып келүүнү уюштурууну пландап жатышкан эле.
КЫРСЫКТУУ КҮН
Керектүүлөрүн көтөрүнүп-артынган достор түштө Айгүлдүн «убактым жок» дегенине карабай алып чыгышып, чогуу көл жээгине келишти. Бат эле шам-шум эте салыша оюнга, сууга киришти. Бири-бирин кубалап, каткырышып, суу ичин, жээкти шаңга бөлөштү. Ушундан пайдаланган Таалай Айгүлдү колдон жетелей ары басты. Сүйүктүүсүнүн кучагында мемиреген кыз бир күндөн соң ушул сүйгөнү менен баш кошо турганына сүйүнүп да, бир чети чоочун босогону аттоодон жүрөксүнүп да турду. Чекесинен жыттаган жигити колундагы оролгон кагазды жазып ийип, андан сүрөт алып чыкты. Сүрөттө күлүп турган кыз бар эле.
– Сен бул сүрөттү азыркыга чейин сактап жүрөсүңбү?
– Ооба, билсең, артындагы жазуу дале өчө элек.
– Кантип? Кана, көрсөтчү?!
Сүрөттү колуна алган кыз аны оодара берип, “Айгүлдөн Таалайга” деген жазууну окуду.
– Билсең, сенин ушул жазганың мен үчүн “сүйөм” дегендей сезилчү.
– Деле мунун сезгичтигин. Мүмкүн, эртең баш кошоорубузду да мурун эле билип жүрбө?
– Аны да билем. Айылдын баары биздин тойго келет. Алтургай жамгыр да аздап жаап өтөт. Анткени, экөөбүз тең жамгырды жакшы көрөбүз.
– Көрөбүз, айткандарың канчалык туура келээрлигин...
– Анан сага апам аппак жоолук салып, көшөгөгө киргизет. Ошентип, экөөбүз аял-күйөө болуп калабыз. Экөөбүздүн көп-көп балдарыбыз болот. Бирөөсү колубузга суу куйса, бирөөсү дасторкон жайып, дагы бирөөсү эшик шыпырып бизди кубантат.
– Кыздарыбыз мага, уулдарыбыз сага окшош болушса, ээ...
– Мен жумуштан дайыма сени, балдарды көрүүгө шашып келсем, сен мага чай бергиче шашсаң, кандай бакыт! Эртең сени аппак үлпөт той көйнөгүң менен тааныбай калбасам болду.
– Мүмкүн, анда мен башкача болуп калаармын.
– Супсулуу... Билесиңби, сени түбөлүк ушул азыркыдай кучагымдан эч чыгарбасам... Кучакташып уктаган бойдон кучакташып бирге ойгонсок...
Жанаша өскөн кайыңдай буралган экөөнүн сөзү бүтчүдөй эмес. Эс алуунун кызыгына кирген балдар-кыздар акырындап күн батып баратканын элес алышпады. Балдардын бири “келгиле, кайыкка түшөбүз” деп сунуш киргизип, балдар булар турган жерге топтолуп келе калышты.
Кайыктардын бирине Таалай түштү эле, анын жанына кызуу болуп калган Элдар отура кетти.
– Эртең тою боло турган досум менен бир сейилдеп келейин.
– Айгүл отурса дедим эле.
– Эч нерсе эмес, бүгүнчө мен отурсам. Айгүлүң ансыз да эртеңден баштап күндө жаныңда болот.
Көңүлү куунак Таалай «мейли» деп Элдар менен кошо калак шилей сүзүп кете берди. Берки кайыкка дагы экөө отуруп, Таалайлардан башка тарапка сүзүп жөнөп калышты. Таалай досу менен бир нерселерди талашып-тартыша жээктен бир топ узап кетишкенин сезе бербеди. Кайыкта жөн отурбай Элдар эми качанкы өткөн бир окуяны айтып, Таалайдын жинине тийе баштады. Таалай токтоолук кылып, унчукпай кайыкты артка бурууга өттү. Муну «сөзүмдү чымын чакканчалык көрбөй жатат» деп түшүнгөн Элдар Таалайды муштап жиберди. Дале «кой» деп жакшылыкча айтканды укпаган Элдар ого бетер кыйкырып кирди. Жини келген Таалай эми тура калып, аны менен жакалашты да калды. Бир саамда кайык менен кошо калтылдай чайпалган Таалай боюн кармай албай, Элдарды кармаган колун коё берип, сууга кулап кетти. Муну көргөн Элдар: «Ии, мени менен мушташкан кандай болот экен?»- деп артынан кыйкырып, кайыкка отура кетти. Жээктен буларды карап тургандар чакчелекей түшүп калышты. “Таалай суудан ана чыгат, мына чыгат...” деп күткөндөрү менен анын башы суудан “сорок” эте бир көрүнгөн бойдон жок болду. Элдар эмне болуп кеткенине эми түшүнүп, «Таалайлап» кыйкырып кирди. Бирок, ал көрүнө бербеди. Бул маалда Айгүл жээкти бойлой тигил экөөнүн мушташын көрүп, кайгырып ыйлап турган эле. Качан гана Таалайы суудан көпкө көрүнө бербегенде ыйлаган бойдон ашыгы тарапка карай сууга боюн таштады.
– Жок, мүмкүн эмес, чөгүп кетиши мүмкүн эмес. Эртең тоюбуз болгону жатса, кантип эле мени таштап чөгүп кетсин?! Мен азыр барам да, аны куткарып алам,- деп сүйлөй да, ыйлай да алдыга жыла берди. Бул маалда балдар-кыздардын баарынын көңүлү Таалайда болуп жаткан. Аны көздөй эки-үч бала сүзүп жөнөп, калган кыздар аларды карап, эстери ооп турушкан. Ошентип, эч кимиси Айгүлгө көңүл бөлө беришпеди. Айгүл качан гана оозу-мурдуна суу кире бергенде эсине келди. Бирок, кеч болуп калган болчу. Анын үстүнө, эми ага сүйгөнүсүз өмүр сүрүүнүн кереги жок эле.
КОШТОШУУ
Таалайдын атасы уулунун Айгүлгө деп атап алган шакегин алып, ыйлаган бойдон кыздын үйүнө жөнөдү. Топтолгон эл тең жарыла берип, кыз жаткан тарапка жол ача беришти. Чөгөлөй отура калып, кыздын бетине жабылган матаны аярлай ачты. Эми эле уктагандай болуп созулуп жаткан, “келини болом” деп жүрүп болбой калган кыздын бетин сылай жашый берди, ыйлай берди. Анан атасынын уруксаты менен уулунун “тойдо салам” деген нике шакегин кыздын атыжогуна салды. Карап тургандар мындай кырсыктуу күнгө каргыш айтып кала беришти. Мүрзөлөрү жанаша казылган эки жашты акыркы жайларына эми коюшаарда жамгыр басылып, күн ачылды. Мунусу күн дагы сүйүшкөндөр менен коштошуп калууга шашылгандай туюлду.
СОҢКУ СӨЗ ЖЕ БАЙЫРКЫ ЖОМОК
– Уктагыла, балдарым, уктагыла. Бул жер силердин үйүңөр. Мында келмейинче туралбайм. Мына, силерден айрылганыбызга бүгүн туура кырк күн болду. Угуп жатасыңбы мени, Таалай неберем? Сени өз жанымдан артык көрчү элем. Бир кезде сага айтып берчү жомогумду унуткан жоксуңбу? Оо, ал жомокто Айгүл кызым экөөңөр чөккөн көлгө мурун сүйүшкөндөр чөгүп кеткени айтылчу, эстедиңби, неберем? Бирок, анда байга баш кошуудан баш тарткан кыз өз каалоосу менен чөгүп кеткен. Кедей сүйгөнү аны байдын чеңгээлинен куткарып ала албаганы жана ажалдан арачалап кала албаганы үчүн кыздын артынан өзү чөккөн. Кийин ошол экөө чөккөн туштан түнкүсүн кыз-жигиттин элеси көрүнө турганы баяндалат эле. Эми ошол тагдырды силер кайталап... Оо, таш боор тагдыр, экөөнүн алдында мени алсаң эмне.
Аксакалдын жанаша мүрзөлөр-дүн түбүндө тизелеп куран окуган кейпинде о дүйнөгө узай бергени кашкарайган кезде мал издегендер тарабынан билинди. Мүрзөлөр четинде дагы бир жаңы мүрзө пайда болду.