Акыркы убакта интернет сайттарда Султан Садыралиев жөнүндө бир топ жаман кептер жазылып чыккан. Буга түшүндүрмө иретинде ырчынын продюсери Султандын Орусиядагы жердештерине концерт берип келгенден кийинки окуясын айтты. Ошол сапарында Султан түнкү клуб ачып иштетүүгө белсенген кыргызстандык кыз менен таанышкан. Ырчынын жаңы таанышы түнкү клубунда өтүүчү дискотекага келип Султандын ырдап кетүүсүн өтүнгөн. Кыйылып жатып макул болгон ырчыга жаңы таанышы бир аз убакыттан кийин дискотека башка күнгө жылдырылганын айткан. Ошол жердегилердин айтымында, дискотека жарнаманын жоктугунан эл келбей калган үчүн болбой калган. Эми ырчынын ал таанышы жөн калбай Султанды интернет сайттарда жамандап, жеке аброюна шек келчү сөздөрдү жазып жаткан экен. Султандын продюсери Динара Эсенгулова: "Жөн жерден жаманатты болуудан тажадык",- дейт нааразылана.