Аз убакыттын ичинде өзүнө көптөгөн күйөрмандарды топтоого жетишкен ырчы Роза Шакирова август айында 30га чыгат. Отуз жашын өзгөчө өткөрүүгө аракет кылган ырчы бул жолку туулган күнүнө бардык тааныштарын, классташтарын, кайынжуртун чакырмакчы. Туулган күнүн майрамдоого тоодо таң тосуу салтанаты да кирет. Белгилей кетчү нерсе, бул туулган күндө ичкилик ичилбейт экен. Буга жолдошунун эч кандай ичимдикти оозуна албаганы түрткү болуптур.