"Ак кушум" деген ыры менен күйөрмандардын көңүлүн бурган ырчы Алтынбек Алымов жакында эле Нарын шаарынын тургундарына концерт к оюп келген. Ырчы сахна кийимин кийип, капчыгын, уюлдук телефонун, көчөдө кийчү кийимдерин гримдөөчү бөлмөгө таштап, өзү сахнага чыгып кеткен. Ырдап бүтүп кайра келсе, Алтынбектин бут кийиминен бери кимдир-бирөөлөр уурдап кеткен. Андан бери бир канча убакыт өтсө да ырчы жигит нарындыктардын кылыгына азыркыга чейин капа болуп жүрөт.