25-июлда “Вефа” соода борборунун чатырында УТРК жана жеке ишкер Азамат Курманалиев биргелешип түзүшкөн “KG” шоу-бизнес борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышка аттуу-баштуу чиновниктерден тарта кыргыз шоу дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандары катышышты. Бул борбордун максаты, учурдун таланттуу жаштарын тандап алып, алардын өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат. Ошондой эле бул ачылышта ырчы жигит Беканын “Гламурный парень” деп аталган клибинин бет ачары болду.