Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Назира Сартбаева чыгармачылык негизде “Урмат Усенов” деп аталган дипломдук ишин жактады. Ырчы да аталган окуу жайды аяктаган. Назиранын айтымында, ал өзүнүн университетинин атактуу бүтүрүүчүсү тууралуу даректүү тасма тартууну көздөп, Урматты тандап алган. Эми эмгегинин акыбети кайтып, дипломдук иши үчүн “5” деген баа алып отурат.