Элдик “Байчечекей” фольклордук-этнографиялык ансамбли Франция жана Щвейцария мамлекеттеринде өтө турган фольклор боюнча дүйнөлүк фестивалга чакырылышкан. Бирок, каражаттын тартыштыгынан улам колдоочу табуу максатында өлкөбүздөгү чиновниктерге, бизнесмендерге, депутаттарга кайрылып көрүшсө да эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Акырында жардам суроо иретинде Гүлнур Сатылгановага кайрылышканда, ырчы колунан келген жардамын аябаптыр. Натыйжада, “Байчечекей” ансамбли 29-июль күнү бир ай бою созула турган аталган фестивалга учуп кетишти.