26-июль күнү “Тумар” радиосу Бишкектеги белгилүү бассейндердин биринде “Отпуск жуумай” майрамын өткөздү. Аталган майрам шаардыктарды көл жээгине алып келгендей эле болду. Бассейн жээгинде ар түрдүү оюндар ойнотулуп, баалуу белектер берилсе, “Кыз-Бурак” тобу, Бактыгүл, Даниель, Мирбек Атабековдор таланттарын тартуулашып, элдин маанайын көтөрүштү. Мындан сырткары, чырайлуу кыздардын жардамы менен купальниктердин көргөзмөсү болуп өттү. Майрамдын уландысы 1-август күнү Жалалабат шаарындагы “Аквалэнд”, 2-августта Ош шаарындагы “Большая рыбка” бассейндеринде өткөрүлөт. Түштүк эли менен бирге бул күндөрү Неля, Урмат, Даниель, Алихандар отпуск жуушмакчы.