Жаш болсо да эл оозуна алынууга жетишкен ырчы жигит Омар “Жаңы толкун” конкурсунда Алла Пугачёванын атайын сыйлыгына ээ болду. Сыйлык “Алтын жылдыз” деп аталып, Орусиянын примадоннасы тарабынан жыл сайын берилет. Бул жылы сыйлык биздин Омарга жана Белоруссиянын өкүлүнө берилди. Омар топтогон баллы боюнча 9-орунду ээлегени менен аталган сыйлык абдан престиждүү деп саналат. Эскерте кетсек, «Жаңы толкун” конкурсу Латвиянын Юрмала шаарында өткөрүлүп, финалга ар кайсы өлкөдөн 17 адам катышкан.