Жаштардын сүйүктүү ырчысына айланган бир канча ырчылардын колдоочусу Динара Эсенгулова продюсердик студия ачты. Студия ачууну көптөн бери пландап жүргөн Динара керектүү аппаратураларынын баарын мындан бир нече жыл мурун эле сатып алган. Бирок, студияга ылайыктуу имарат издеп таппай келген. Динаранын айтымында, студияда азырынча өзү колдоо көрсөтүп жаткан гана ырчылар ырдап машыгышат. Биз менен байланышка чыккан продюсер бара-бара башка ырчыларды да акча төлөө жолу менен кабыл алаарын жана аларга студияда атайын билими бар педагогдор сабак берээрин билдирди.