Патриоттук сезимдеги ырларды катыра ырдаган Кутман Жолдошев бир кыз, эки уулдун атасы. Кичүү уулу Арлен быйыл 5 жашка толду. Кыргыздын илгертен келаткан салтынын негизинде Кутман баласын сүннөткө отургузганы жатат. “Түйшүгү азыраак” деп орусчалап ага-тууганын кафеге тоскону менен баласын кадимки билермандарга бычак менен ырымдатат экен.