«МЕНИ ЭМИ АЛДАЙ АЛБАЙСЫҢ»

“Ийгилик кут болсун!”, “куттуктайм!” деген үндөр орто жаштагы айымдын кулагын жаңыртып, сулуу жүзү тамылжый бактыга балкып турду. Ушул тапта андан өткөн бактылуу да, ажарлуу да аял жок болчу. Аңгыча коноктордун үстүнө бою кичинекей, чымыр денелүү киши кирип келди. Колундагы бокалы шыңгырай жерге түшүп, өңү кубарып отуруп калган айымдан бөлөк эч бирөө бул жапалдаш бойлуу кишини тааныбайт эле...

КҮТҮҮСҮЗ ВИЗИТ
– Убара тартпай отура бериңиздер. Уруксат берсеңиздер, мен бул сулуу менен сүйлөшүп алсам.
Өктөм сүйлөгөн киши колу менен ишарат кылып, төрдө купкуу болуп отуруп калган Айжанды жетелеп алып чыгып кетти.
– Бул ким?
– Билбейт экенмин.
Коноктор бири-бирине суроолуу тигилип кала беришти.
– Кандайсың, Жылдыз? Тфу-уй ата, Айжан, сен азыр Айжан Акматова болуп аты-жөнүңдү өзгөртүп алгансың да. Кечир, чыныгы атыңа көнүп калгам. Жылдыз дей берсем кап этпестирсиң. Күтпөсөң керек, ээ?
– Сени келет деп күтпөгөм. Болгондо да ушул күнү келет деп...
– Жакшысы, «сени экинчи ирет көрбөйм деп үмүт кылганмын» десең...
Тепкичтин кармагычына жөлөнгөн Жылдыз карышкан колдоруна темир өтүп кеткенин байкабады.
– Эмне унчукпайсың? Илгерки жигитиң аман-эсен келгенине кубанбай эле турат окшойсуң.
– Жо-ок, эмне деп турасың? Албетте, кубанычтамын. Кел, үйгө кирели. Даам ооз тийбей чыгып кеттиң го.
– Жок, сулуу, биз эми чоңойдук. Акыл кирди. Эми сиздин кылгырган көзүңүзгө, сырдуу жылмайганыңызга алданбайбыз,- баятан бери өзүн кармап сүйлөп жаткан Камчынын үнү катаал чыкты,- Эгер мени баягыдай мурдуна бок сүйкөсө да макул дей берээр адам элестетип жаткан болсоң жаңыласың, кымбаттуум!
– Чын эле өзгөрүптүрсүң. Өзүң эле эмес, үнүң да өзгөрүптүр. Мурун үнүң өктөм чыкчу эмес.
– Ошон үчүн опоңой сызга отургузуп кеттиң, чынбы?
– Мен мындайга бармак эмесмин. Рэкеттер мени аргасыз кылышкан.
– Ал киши сенин өтүнүчүң менен иштеген. Эбак көзү өтүп кеткен кишинин арбагын козгобой туурасын айтпайсыңбы!
– Койчу?!
– Менин башымды айландырам деп аракет кылбай эле кой. Эми өзүңдүн фирмаңдын документтерин, акчаны дайындап кой. “Ыйлап-сыктап жатып кутулуп кетем” десең жаңылышасың. Айтмакчы, “мени коркутуп жатат” деп милицияга да кабарлай албайсың. Анткени, сенин кылмышыңды далилдей турган колумда документтер бар.
Кыска, так сүйлөгөн Камчы бөлөк кепке өтпөй бурулуп чыгып кетти. Тышынан билгизбегенге аракет кылса да, жүрөгү оозуна кептелип калган Жылдыз ал чыгаары менен буттарынан жан кетип, шалак эте жерге отуруп калды. Камчынын абакка камалышына түздөн-түз өзү күнөөлүү эле.

КЕЛИШИМ
– Мындай иштерде сенин аял экендигиң эсептелбейт. Кичине эле кыйшаңдасаң, алдыгы сулуу башың ийиниңден ыргып кетет!
Көздөрү оттой жанган Жылдызды ээгинен аста көтөргөн киши бир саамга тиктеп туруп калды.
– Коркутпа, кичинекей бала эмесмин. Мен бул фирманы алышым керек. Камчы фирманын ээси болгону үчүн эле мамиле түзүп жүрөм. Бирок, ал мага жакпайт. Демек, аны күйөө кыла албайм. Калганы сага түшүнүктүү чыгаар.
– Ошонун көзүн тазалаш үчүн менин коюнума кирип, көңүлүмдү алдың, туурабы? Ай-ай-ай, Жылдыз, тан берем сага. Мейли, мага сендей аялдар жагат.
– Аял эмес, жаш кызмын...
Ушул күнү шаардагы бейбаштардын башын бириктирип жүргөн “башкесер” Аликтин коюнунда жатып, Жылдыз чоң акчага ээ болду. Тагыраак айтканда, жигити Камчыдан фирманы жик билдирбей тартып алуунун амалын тапты. Көздөрү тереңден жылтырап күйүп турган бул кызды жактырып калган “башкесер” анын көксөгөнүн ишке ашыруу үчүн жигиттерине буйрук берди. Рэкеттердин күнү тууп турган ал чакта фирманы ээсинен тартып алуу өтө деле кыйын иш эмес болчу. Бирок, “башкесер” куулукка барды. Ал Камчыны өз эрки менен Жылдызга фирманы таштоого аргасыз кылды.

ЖАСАЛМА АКЧАЛАР
– Алло, Жылдыз, мени угуп жатасыңбы? Тезинен келип кал. Сүйлөшчү сөз бар.
Камчынын үнүнөн чочулаган Жылдыз “кандай балээ болуп кетти экен?” деп ыргылжың болуп жатып фирмага араң келди. Ичкериде милиция кызматкерлери кабинеттерди текшерип жүрүшүптүр. Чоң бөлмөнүн ортосунда Камчы купкуу болуп турат. Жылдызды көрөөр замат колунан ала бөлөк кабинетке сүйрөдү.
– Жүрү, сөз бар!
– Эмне болуп кетти?
– Түшүнсөм оңбой калайын. Таң атпай толтура милиция кызматкерлери келип басып калышты. Фирманын иштерине жамынып, чыныгы пайданы жасалма акча даярдоодон табат имишмин. Анысы аз келгенсип, атаандашымдын кампасын заказ берип өрттөтүп жибериптирмин. Сен чочулаба, Жылдызка! Бул албетте, жалган жалаа. “Жасалма акча жасаган” дегени күлкү келтирээрлик эмеспи, чынбы?
– Бирөө үстүңдөн арыз жазыптырбы?
– Билбейм, алтышка, айталбайм. Эмнеси болсо да, корко турган жайым жок. Кеңсени тимеле тытып текшерип жүрүшөт, кудум бир бомба таап алчудай болушуп.
Камчы кебинин аягына чыгууга үлгүрбөй калды.
– Шеф, таптым!
Жалаң папкалар тизилген шкафты шашпай тинтип жаткан бирөө кубанычтуу кыйкырды. Анын колундагы конвертте бир тутам акча турган...

ЖАЛГАН ЖАЛАА
– Бул акчалар меники эмес! Кандайча кабинетимде пайда болуп калганынан кабарым жок. Түшүнсөңөрчү?! Дагы канча кайталашым керек!
– Эй, балакай, бизге сени жасалма акча жасайт деген арыз түшкөн. Кабинетиңден чын эле жасалма акча чыкты. Болгондо да жалаң миң сомдуктар. Сенин көзүңчө санап чыктык. Жүз миң. Бул оңой акча эмес. Көрүнүп турат. Жаңы басылып чыккан. Боёгу кургай элек. Эч бирөөнүн бармак изи да түшө элек. Анткени, мындай жумушту жасаганда колкап кийип иштегенсиңер. Акча салынган конверттен сенин гана бармак издериң табылды. Дагы эмнеңе актанасың? Өзүңө атаандаш фирманын чоң кампасын атайын заказ менен өрттөткөнсүң. Күбөлөр бар. Так что, бала, сен кутулбас куяга калдың.
– Муну бирөөлөр атайын жасаган!

“МЕН АКТЫГЫМДЫ ДАЛИЛДЕЙМ!”
Камчынын “бул атайын жасалган иш, мен акмын” дегенине эч бирөө кулак салбады. Үч ай бою тергөө жүрүп, кайдан-жайдан күбөлөр пайда болуп, айтор, эсин жыйгыча эле соттолуп кетти. Күтүүсүздөн моюнуна түшүп калган мындай иштен дал болуп жүрүп, ишти ийне-жибине чейин ойлонуштуруп, териштирип чыкканга чамасы болбоду. Аны СИЗОдон абакка алып кетээрде Жылдызды, ага кошо адвокатты чакырып, өзү жокто фирманы башкаруу укугун расмий түрдө Жылдызга өткөзүп берди. Көздөрүнөн жаш куюлткан кызды кучактай буркурап ыйлап да, сүйүктүүсүн сооротуп да жатты.
– Эчтеке эмес, алтышка. Жигит кишинин башына далай сыноолор түшөт. Мен албетте, актыгымды далилдейм. Мына, көрөсүң. Минтип ак жеримден күнөөгө батырган адамдын ким экендигин баарыбир табам. Ким экенин билсем, өз колум менен моюнун үзүп алам!
– Койчу, эмнелерди айтып жатасың? Эч кимдин моюнун кайрыбайсың. Болгону, акталып чыксаң эле болду. Жаза беришти тигил милицияга же башкасына кой.
Ошентип, ыйлап жатып экөө коштошкон. Өзүн коё бергиси келбей кыйналган Камчыга “абакка тез-тез келип кабар алып турам” деп убада берген. Бирок, убадасын босогодон чыкканда эле унутуп салган. Анткени, Жылдызды “башкесер” паспортторду даярдап, виза ачтырып, билет алып күтүп отурган эле. СИЗОдон чыгып эле анын машинасына отуруп, аэропортту көздөй жөнөштү. Экөө иштин минтип оңой бүткөнүнүн урматына бир жумага Түркияга барып эс алып келүүнү чечишкен.
Бир жылга жакын фирманын иштерин мыкты алып барган Жылдыз кызматкерлердин нааразы болгонуна карабай фирманы сатып жиберди. Акчаны өздүк эсебине салган соң бир түндө кумга сиңген суудай шаардан жоголуп кетти. Анын иштеринин баарынан кабардар болуп турган “башкесер” да байкабай калды. Из жашырганы билинген соң чуу түшүп, жигиттерине бүткүл шаарды тинттирип таппай койду. Акыры авиакомпаниялардан издеттирип көрсө, бир эле күнү үч тарапка кете турган билеттерди алганы билинди. Ал шаарлардын кайсы бирине кеткенин табууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошондон көп өтпөй “башкесерди” бирөөлөр атып кетишти. Демек, эми ал жок, Камчы түрмөдө, Жылдыздын жолуна бөгөт болоор киши жок. Чоң акча берип жүрүп аты-жөнүн бүтүндөй өзгөртүп алган соң кайра башкалаага кайтып келип, өз алдынча жумуш баштаган.
Белгилүү журнал жылдын мыкты адамдарын тандоодо Жылдызды “Жылдын мыкты бизнес-вумени” деп таап, бүгүн үй толо коноктор ошону жууп жатышкан. Дале буттарын майда калтырак басып, өзүнө келе албай жаткан Жылдыз жанталаша өткөн күндөрүн эстеп жатты. Кылмышын далилдей турган Камчыда кандай документтер болушу мүмкүн?
Экөөнүн сүйлөшкөн ар бир сөзүн “башкесер” жаздырып алып жүргөнүн, Жылдыз өзүн алдап качып кеткен соң “кассетаны Камчыга бергиле” деп дайындаганын билчү эмес...

Даярдаган Айбек Нурадилов
Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 274, 1-7-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан