6-август күнү башкалаабызга өзбектердин айтылуу ырчы кызы Райхон келип, бир кыргыз үйбүлөсүнүн тоюнда ырдап кетти. Өзбектердин бул ырчысы Бактыгүл Бадыеванын курбусу экендигин окурмандарыбызга кабарлаганбыз. Курбусун башкалаада жалгызсыраткысы келбеген Бактыгүл Ысыккөлдө эс алып жүргөн жеринен Бишкекке келип, Райхонду тосуп алгандыгын бизге кабарлады. “Прадо” эс алуу борборунун мейманканасына токтогон өзбек ырчысы менен биздин кабарчыбыз жолугуп, маекке тартты. Ай чырайы келишкен ырчы кыздар Райхон менен Бактыгүл тууралуу кенен маекти гезиттин келерки санынан окуй аласыздар.