Эл аралык деңгээлдеги жаш аткаруучулардын Сочиде өткөрүлүүчү “Беш жылдыз-2008” фестивалына биздин ырчылардан да катышаарын мурунку саныбызда белгилеген элек. Дагы бир сүйүнүчтүү кабар, ал фестивалда жердешибиз, КРнын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Актан Исабаев калыстар тобунун мүчөсү болот экен. Муну фестивалдын Кыргызстандагы координатору Айнура Токтошова билдирди.