НУРЗАДА ДИ-ДЖЕЙЛИКТЕН КАФЕНИН ЫРЧЫСЫНА АЙЛАНАБЫ?

Адамдын маанайын таң эрте шаңдуу үнү менен көтөргөн ди-джей, ырчы кыз Нурзада Жолдошева учурда жайкы эс алууда. Бирок, күнүгө такай 5те туруп, 7ге жумушка барган Нурзада эс алууда экенин унутуп, күнүгө мурдагы убактысында ойгонуп алып жатыптыр. Ошентип, эс алууга көнө албай жаткан Нурзадага жакында кызыктуу сунуш түшкөн. Шаар четиндеги кафелердин биринде эс алып отурган ди-джейге кафенин кожоюну “кечкисин бул кафеде ырдабайсыңбы?” деп сунуш киргизген. Ди-джей кыз бул сунушка макул болуп, учурда кафеде ырдап жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 301, 8-14-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан