ЖЫЛДЫЗДАР ДЕЛЕ БАТИРДЕ ЖАШАШАТ

Ильяз Агыбай уулу
Куудулдугу менен элге таанымал Ильяз Агыбай уулу жакындан бери "батирге" чыгып, "көчмөн" турмушту башынан өткөрүүдө. Буга чейин өз үйү, өлөң төшөгүндө керилип гана уктачу. Ал үйүн сатып жибергенден бери "батирчи куудул". Учурда Жумушчулар шаарчасында үч бөлмөлүү жер үйдө жашайт. Акысына элди күлдүрүп тапкан 100 долларын төлөөгө аргасыз. Буюрса, жакында ак эмгеги менен тургузуп жаткан өргөөсү бүтсө, өз конушуна көчмөкчү.

Санжар Бердибеков
Ата кесибин уланткан куудул Санжар Бердибеков 1996-жылдан бери Бишкекте батирдин азабын тартып келатат. "Кайда барсаң мамайдын көрү" дегендей, Бишкекке келгенче Ошто, Жалалабатта да батирде жашап келген. Санжар борборго келгени 14-15 жолу конуш алмаштырган. Учурда Көкжар кичирайонунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде бир бөлмөлүү квартиранын "убактылуу кожоюну". Ай сайын акысына гастролдон тапкан 100 долларын төлөөгө мажбур.

Клара Алибекова
Калың элге жар салып, кош жылдызга айланган Клара менен Байыш үйлөнүү үлпөт тоюнда алган ак өргөөсүн ажырашкан соң сатып жиберишкен. Ошондон бери экөө эки жакта батирде күн өткөрүп келишет. Клара Жумушчулар шаарчасында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт. Акысына 100 доллардын тегерегинде төлөйт. Кээде бир туугандары жардамга келет.

Бакыт Мамаев
Сахнадагы элпек кыймылы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган Бакыт мырза 1982-жылдан бери батирдин азап-тозогу менен алпурушуп келет. Өзүнүн айтуусуна караганда, ал 15-16 жолу конуш жаңырткан. Айтор, ырчынын таман изи менен канча деген сомдору Бишкектин ар кайсы булуң-бурчунда, түрдүү кожоюндарда кала берген. Учурда Көкжар жаңы конушунда көп кабаттуу үйдө 3 бөлмөлүү квартирада турат. Батир акысы 100 долларды түзөт.

Жакут Сыдыков
Гүл көтөргөн куудул катары таанылган Жакут Сыдыковдун батирде жашаганына быйыл алты жылдын жүзү болду. Көчүп-конуп 9 жолу конуш жаңырткан. Учурда Көкжар жаңы конушунда 3 бөлмөлүү жер үйдө жашайт. Акысына 2000 сом төлөйт. Буюрса, жакын арада жаңы салдырып жаткан үйү бүтсө, качан кожоюн келип "батир акысын төлө" дейт деген санаадан биротоло кутулуп, жаны жай алмакчы.



Ошондой эле кээ бир жылдызы жанып келаткан бойдок жаш ырчыларыбыз учурда ата-энеси, туугандарыныкында жашаарынан кабардар болдук. "Уккан кулакта жазык жок" демекчи, укканыбызга караганда, атагы алыска кеткен ырчылар Алина Жетигенова, Айбек Карымов, Салима Балтаева, Рысбек Жантөрөевдер да батирдин көр-азабын тартып келатышкан имиш. Бул маалыматтарды өздөрү менен байланышып тактай албадык. Мүмкүн өздөрү чалып байланышып калышса, кийинки сандарга жарыялаарбыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан