Boney M

Бул топту 80-жылдары асмандан түшкөн кометага салыштырышчу. Анткени, топ жок жерден эле пайда боло калып, жер жүзүн каптаган элдердин дээрлик баарынын көңүл борборун ээлеген. Алтургай чыгарган альбомдорунун сатылышы боюнча Гиннес рекорддор китебине киргизилген. Статистикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ушул күнгө чейин бардыгы болуп “Boney M” тобунун 150 миллиондон ашык дисктери сатылып, 1978-жылы сатылуу ылдамдыгы ар бир 4 секундга бирден диск туура келген.

Диско-музыкасынын тарыхындагы жылдызы баарынан бийик жанган атактуу «Boney M» тобу 1976-жылы эл оозуна алына баштаган. Ал эми пайда болушу 1975-жылга туура келет. Ушул жылдын биринчи күнүндө “Замби” деген ат менен элге таанылган атактуу немис продюсери Фрэнк Фариан жаңы ыр жаратууга киришет. Техникалык каражаттардын жардамы менен өзү аткарган ырды өзгөртүп, үнүн кыздардын үнүнө окшоштурат да, кыздар хорунун коштоосу менен “Кел, жолугалы” деп аталган жаңы стилдеги чыгармасын Германиянын Оффенбах шаарында көпчүлүккө сунуштаган. Ал эми аткаруучу топтун атын өз өлкөсүндө тез эле эсте калуусу үчүн 70-жылдары Германияда көрсөтүлгөн телесериалдын башкаарманынын атынан “Boney M” деп атап коёт. Бул ыр тез эле жергиликтүү калк арасында хитке айланып, аткаруучу топту издеген журналисттердин саны күн санап өсө баштайт. Көп узабай Голландия жана Бельгия тараптан да ар кайсы телеканалдардын өкүлдөрү “Boney M” тобун издештире башташкан. «Бул ырды мен жалгыз эле ырдагам» деп чыга калуудан уялган Фрэнк айласы кетип, топко мүчөлөрдү кабыл алууну баштайт. Топко келе турган кыздарга «даяр ырга фонограмманы жакшылап аткарып эле берсе болду» деген бир эле талап коёт. Ошондой эле сыналгы алдында отуруп көргөн калкты ишендирип, пресса алдында ишенимдүү жүз көрсөтүп, жылдыз катары сүрөткө түшүп берүү керек болгон. Жыйынтыгында, артисттерди жалдоо боюнча агент Катя Вульфтун жардамы менен Мейзи Уильямс, Марсия Боррет, Клаудиа Бэрри аттуу кыздар жана топтогу жалгыз бала Бобби Форрел кабыл алынган. Көп узабай Клаудиа Бэрри кетип, анын ордун Лиз Митчелл баскан.
Топ жаңылангандан кийин бир жыл бою бир эле ыр менен дүйнө элинин кызыгуусун арттырып келген жасалма ырчылар альбом жаратууга кадам ташташат. Көп узабай “Мыкты ата” деп аталган алгачкы альбому чыгып, бирок, бир топ убакытка чейин баркы билинбей, дисктер сатылуучу дүкөндөрдө жаткан. Топтун мүчөлөрү “Музыка дүкөнү” деп аталган телеберүүгө катышышып, бул альбомун жарнамалаган соң гана сатылышы күчөй баштаган. Алтургай жумасына 100 миң даанадан сатылууга жетишет. Анын артынан чыгарылган альбомдорунда топтогу кыздар өз үндөрү менен ырдай башташкандыктары жаңылык болгон. Анткени, эл топтогу ырчылардын жасалма аткаруучулар экендигинен шектенип калышкан эле. Бирок, мурда ырдабай жүр­гөн­дөрү менен баары таланттуу чыгышып, алардын арасынан Лиз Митчелл эң таланттуу экендигин даңазалай алган.
1977-жылдары “Boney M” тобу дүй­нө­дөгү эң популярдуу топтордун катарын толуктайт. Алардын аткаруусундагы ырлар күйөрмандар арасында талашка түшүп, жараткан альбомдорунун бирөөсү эле 8 миллиондон ашык нуска менен чыгарылып турган. Бирок, дүйнө­лүк хит-параддардын биринчи катарын ээлеген топтун ырларын Ирландияда жана бир канча майда өлкөлөрдө радио жана эфирлерден кетирүүгө тыюу салышкан. Себеби, башындагы жасалма ырчылар тууралуу кептер бул жакка жаңыдан жетип, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары элди алдоодон баш тартышкан. Бул учурда Фрэнк Бобби менен Мейзиге өзүнүн үнүн кээде гана “карызга” берип турганы болбосо, топтун солисттери өз үндөрү менен ырдап калышкан болчу. Муну байкаган немис музыка сынчылары топту сынга алып, ар кандай сөздөрдү таратышкан. Ал эми Америкада тескерисинче, «Эң таланттуу топ» деген атка конушкан. Мындай сөздөрдөн тажаган Фрэнк убактылуу чыгармачылык иштерин токтото турууну чечет. Ага карабастан бул жылдары мурда чыгарылган альбомдору күйөр­мандарынын суроо-талаптарына жооп берген эң популярдуу ырларга айланып, жогоруда айтылгандай, сатылышы боюнча рекордго чыккан. Аны менен катар эле эки айдын ичинде “Алтын Отто”, “Алтын Европа”, “Алтын Антенна”, “Алтын Арстан” сыйлыктарынын жана бир канча алтын, күмүш, коло дисктеринин ээси болушкан. Алтургай «1978-жыл – “Boney M” тобунун жылы» деп аталып, күч-кубатка толгон ырчылар кайрадан жаңы ырларды жаратууга киришишет. “Чолпон жылдызга түнкү сапар” деп аталган кезектеги альбому 16 жума бою дүйнөлүк хит-параддардын биринчилигинен түшкөн эмес, ошондой эле 25 алдыңкы номинацияларды өзүнө кармап турган. Ортодо бир жума экинчи орунга түшүп үзгүлтүккө учураганы болбосо, бардыгы болуп бул альбом 45 жума бою биринчидеги хит ыр катары саналган. Бир жума ичинде сатылышы боюнча 2,2 миллион даана дискке жетүүгө да үлгүрөт. Топтун ырчылары бул учурда мурдагыдай оозун туура кыбыратып турууну биротоло ташташып, тажрыйбалары топтолуп, жалаң тирүү үн менен концерттерди бере башташкан.
Дүйнө элин дүрбөлөңгө салган “Boney M” тобунун “Ай, ушул орустар” деген ыры үчүн алардын ырларын угууга СССРде катуу тыюу салынган эле. Бирок, миллиондогон музыка сүйүүчүлөрүнүн суранычы менен топтун ырлары камтылган дисктердин 100 миң даанасы Москвага жеткирилген. Бул дагы да болсо бир топ нааразычылыктарды жараткан эле. Себеби, 240 миллион калк үчүн 100 миң диск өтө эле аз болчу. Ошентип, жыл бою суранган элдин талабы боюнча 1978-жылдын 9-декабрында “Boney M” тобу Москвада концерт койгон. Бул концертте ырчылардын күйөрмандары суранган орустардын тарыхынан бир үзүндү чагылдырылган “Ай, ушул орустар” аттуу ырын аткарууга жол берилген эмес. Ырчылардын “бизге бул ырды аткарууга тыюу салышты” деп жар салганын жетекчилик тараптан дайындалган котормочу элге: “Сиздерге жага турган андан башка дагы бир канча ырларыбыз бар”,- деп жеткирген.
Андан көп узабай эле топ дүйнөнүн чыгыш тарабына сапарын улантат. Бирок, бул учурда топтун ар бир мүчөсү дүйнөлүк атактуулукту багынтып, жеке жашоолору тууралуу ойлонууга өтүшөт. Көздөгөн максаттарына жеткенден кийин эми өз турмуштары аларды көбүрөөк тынчсыздандыра баштаган. Ошентсе да биринчи орунда үйбүлө мүчөсү эмес, ырчы бойдон калышып, жаңы альбомдордун үстүндө иштешип турган. 1980-жылдары ааламдын ар кайсы бурчунда “Boney M” тобунун ырларысыз бир да дискотека өтпөй, бийлеш үчүн андан башка музыка жарабагандай туюлуп турган.
Андан көп узабай эле ушул жылдары Ганс Яшин аттуу режиссёрдун жетекчилиги менен топтун мүчөлөрүнө киного тартылуу сунушу келип түшкөн. Кинотасма “Диско деми” деп аталып, дүйнөнүн 80ден ашык өлкөлөрүндө көрсөтүлгөн. Бир мүнөткө да бош убактылары жок болуп, толук 4 жыл эмгектенгенден кийин топтогу ырчылар гастроль, концерттерден тышкары жылына 50-60тай теле-шоулорго катышып жүрүп чынында эле катуу чарчагандыктары тууралуу кабар беришкен. Жыйынтыгында, эс алууга чыгууга туура келген. Кайрадан бир айдан кийин дүйнөлүк турнеге аттанышып, көп өтпөй эле “Boney M” тобу өз күчүн жоготуп, чыгармачылык эмгектенүүсүн токто­тууга дуушар болот. Бирок, топ тараган эмес.
1982-жылы эски ырлары менен эле хит ырлар арасында биринчиликти багындырат. 1984-жылдан тарта ырчылар тобу кайрадан жаңы ырларды жаратууга киришкен. 1988-жылы Митчелл Дэвис мындан ары ырдай албасын айтып, топтон кетүүгө аргасыз болсо, кийинчерээк Бобби Форрел да топтон четтеп, анын ордуна Реджи Циблое келген. 1989-жылы “Boney Mдин” алгачкы курамы акыркы жолу сахнага чогуу чыгышып, кийин алардын ордуна 1990-жылы Патри, Шарон аттуу кыздар келишкен эле. 1992-жылдан тарта көбүнчө топтун мурунку ырлары жаңыртылып, ремикс вариантында элге тартуулана баштады.
Мурунку мүчөлөрүнүн арасынан Митчелл гана учурда бакубат турмуш кечирүүдө. Ал эми калгандары эң жакыр адамдардын катарында жашап келишет. Бобби ичкиликке өтө берилип кеткендиги тууралуу маалым болгон. Учурда алардын ким менен жана кайда жашагандыктары тууралуу кызыккандарды чанда кездештирүүгө болот.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 274, 1-7-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан