Көрүнүктүү ырчы Айчүрөк Иманалиева Кыргызстандан биринчилерден болуп Орусиянын “Улуу Екатерина” сыйлыгынын 2-даражадагы орденин алды. Айта кетчү нерсе, бул наам дүйнө жүзү боюнча 85 айымга тапшырылып, 86-наамдын ээси ырчы Айчүрөк болду. Наам ырчыга талыкпаган эмгегинин натыйжасында ыйгарылган.