Ырчы Ильяз Абдыразаков менен казакстандык жаш талант Кайрат Нуртас кыйышпас достордон. Эки жылдыз Көлдө эс алып жүргөн күйөрмандарына концерт коюп келишти. Ырчылар ал жерде бир үйбүлөнүн үйүндө конок болушкан. Үйбүлөдөгү бой жеткен эже-сиңдинин улуусун Ильяз, кичүүсүн Кайрат жактырып калган экен. Кыздын жүрөгүн багынтууга аракет кылган биздин ырчы селкинин колунан чакасын ала чуркап, суу ташыганга чейин барыптыр.