КИРИЛЛ САФОНОВ

Эгерде сиз дагы «Татьянин день» телесериалынын туруктуу көрөрманы болсоңуз, анда кандайдыр бир деңгээлде Кирилл Сафоновдун жеке турмушуна кызыккан, ал тууралуу баарын билүүнү каалаган күйөрмандарынын бири экендигиңизде талаш жок. Эмесе, сизге жагымдуу сюрприз… Бүгүнкү «Дүйнө жылдыздары» рубрикабызда «Татьянин день» телесериалынын башкаарманы Кирилл Сафонов тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Толук аты-жөнү – Сафонов Кирилл Леонович
Жаш курагы – Быйыл 35ке чыгат
Үйбүлөлүк абалы – Учурда бойдок. 13 жаштагы Настя аттуу кыздын атасы
Боюнун узундугу – 190 см, Салмагы – 87 кг
Көзүнүн түсү – Көгүш
Тартылган биринчи кинотасмасы – “Чаң”, 2000-жыл Орус, украин, англис, немис, иврит тилдеринде эркин сүйлөйт.

Кирилл Сафонов 1973-жылы 21-июнда Орусиянын Красноярск шаарында туулган. Кийинчерээк ата-энесинин жумуштарына байланыштуу Украинанын Львов шаарына көчүп кетишип, Кириллдин балалыгы ошол шаарда өтөт. Ата-энесине Кириллди тарбиялап өстүрүү кыйынга турган эмес, анткени, болочоктогу таланттуу актёр кичинекей чагынан эле тартиптүү чыгып, билимге жана бардык жагынан биринчиликке умтулган зээндүү бала болгон. Ошол кезде эле аткаруучулук таланты да бар экендиги байкалып, мектептеги маданий иш-чаралардын эң активдүү катышуучусу катары жалпы окуучулардын жана мугалимдердин арасында да сый-урматка ээ болчу.
Келечекте бүткүл жер жүзүнүн элдерине таанымал атактуу актёр болууну кичинесинен эле самаган Кирилл үчүн окууну аяктагандан кийин кесип тандоодо кыйынчылык туулган эмес. 1990-жылы үйбүлөсү менен кайрадан Красноярск шаарына келип, искусство институтуна тапшырат. 1-курсту бул жерден аяктап, кийинки жылы Москва шаарындагы Орусиянын театралдык искусство институтунун актёрдук факультетине тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Маяковский атындагы театрда кичинекейинен бери эңсеп келген кыялы орундалып, биринчи жолу эл алдында спектаклде роль жаратып, кесиптик эмгек жолуна байсалдуу кадамын таштаган. Кийинки жылы Станиславский атындагы театрда да кызмат көрсөтүүгө жетишет.
Учурда бүткүл КМШ өлкөлөрүн мекендеген миллиондогон кыздардын жүрөгүн багындырган атактуу актёр Кирилл Сафонов 18 жашка чыкканда өзүнүн биринчи сүйүүсүнө баш кошуп, турмуш жолуна аттанган. Кийин арадан 5 жыл өткөн соң сүйүшкөн жубайлар Анастасия аттуу кыздуу болушат. Андан көп узабай эле Кириллдин таланты бааланып, чет элдик кесиптештеринин чакы­руу­су менен 1999-жылы Израилдеги Тель-Авив шаарындагы “Гешер” театрына жол тартат. Беш жашар кызын жетелеген жаш үйбүлө алгач батирлерде баш калкалашып, башка жердин, башка элдин каада-салтына көнгүчө баштарынан эптемей турмуш кечиришкен. Бир аз убакыт өт­пөй күжүрмөн эмгектин артынан үйбүлө тез эле баарына жетишүүгө да үлгүрөт. Бирок, белгисиз себептерден улам жубайлардын ысык сүйүү­сү ажырашууга келип жеткен. Кээбир маалыматтарга караганда экөөнүн ажырашуусуна Кириллдин ал жактагы күйөрмандары себепкер болушкан. Алтургай “Кирилл мындай күйөр­ман кыздарынын көпчүлүгү менен жакын мамиле түзүп, супсулуу жубайынан ажырап калды” деген да кептер тараган.
Ал эми актёрдун кызы Анастасия учурда 13 жашта. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, Настя да жаш экенине карабай атасынын жолун жолдоп, бир канча кинотасмаларга тартылууга үлгүргөн. “Ералаш” киножурналынан да анын жүзүн көрүүгө болот. Ал эми Израилде Кириллдин кызы Анастасия Сафонованын жүзү көпчүлүккө белгилүү. Актёр кызы Настя тууралуу баарына жашырбай айтып келгени менен мурунку жубайы, кызынын апасы тууралуу маалымат берүүнү жактырбайт. Алтургай анын атын атоодон да баштартканын актёр менен баарлашкан көпчүлүк журналисттер айтып келишет.
Толугу менен 8 жыл “Гешер” театрында башка элге кызмат кылгандан кийин өз мекени болгон Орусияга Кирилл Сафонов былтыр атайын чакыруу менен кайтып келген. Бирок, буга чейин “Чемпион кыз” “Чымчыкка баарыбир”, “Жаман кыздар” деген сыяктуу бир канча кинотасмаларда роль жаратып келген. Москвага келээри менен эле актёр чоң сынакка аттанат. Кастингге катышкан 49 жигиттин ичинен эң таланттуу деп табылып, көпчүлүктүн купулуна толгон “Татьянин день” телесериалында роль жаратып, атактуулуктун тепкичинен жогорулай баштаган.
Киного тартылуу учурунда Кирилл өзүнүн жеке жашоосуна да бир топ өзгөчөлүктөрдү киргизүүгө жетишкенин кабарлаган эле. Алтургай айымдарга болгон талабы да өзгөрдү. Мисалы, мурда сары чачтуу айымдарды «жеңил ойлуу» деп эсептеген болсо, азыр «чачтын өңү адамдын мүнөзүн чагылдырат» дегендерге таптакыр кошулбайт. Андан тышкары, актёрду мурдатан тааныгандар анын бир аз токтолуп калганын айтышкан. “Мурдагы элди күлдү­рүп шайыр жүргөн Кирилл эми жок. Баштагыдай күйөрмандарына да таптакыр көңүл бурбай калыптыр. Балким, чынында эле жанында жүргөн сулуу айымдардын бирине ашык болуп калгандыр”,- дешет алар. Мындай кептерди уккан соң анын чынын аныктоо үчүн Кириллдин Тель-Авивдеги жашоосуна кызыккан журналисттердин бири ал жакка да иликтөөгө барып, актёрдун мурунку кесиптештери менен баарлашып кайткандыгын жар салган эле. Анын сөзүнө караганда, Кирилл чынында эле ал жактагы кыздар арасында эң сексуалдуу актёр катары таанымал. Бирок, Израилде Кирилл Коэн деген фамилия менен белгилүү. Жакын мамиледе жүргөн кыздарынын арасында бирге спектаклдерде ойногон жана бир кинотасмаларда тартылган кесиптештери да бар. Демек, “үйрөнгөн адат калабы...” демекчи, “Кирилл Сафонов менен сериалдагы сүйгөнү Анна Снаткина (Татьяна Разбежкина) чыныгы жашоолорунда да сүйүшкөн жуптар” деген кептердин чын болушу толук мүмкүн. Буга далил катары көпчүлүк Андрей Малахов даярдаган “Татьянин день” телесериалынын аякташына арналган атайын берүү­дөгү экөөнүн бири-бирине жасаган мамилелерин айтып келишет. Андрейдин “Ачыгын айтыңызчы, сиз кимди сүйөсүз?” деген суроосуна Кирилл: “Балким, мен сүйгөн кыз ушул залда отурат, аны жар салуунун кажети жок,- деп жооп берген. Бул сөздөр азыр сериалдын бардык көрүүчү­лөрүнүн арасында катуу талкууга алынып жаткан кези. «Камера артында да кинодогу сүйүшкөн­дөрдүн бири-бирине болгон мамилелерин сүйүү­нүн күчү деп билсе болот» деген жыйынтыктарды актёрлордун бирге иштешкен кесиптештери да билдиришкен. «Ал эми Наталья Рудованын (Татьяна Баринова) Кириллге болгон ички сезимдери бар, бирок, жоопсуз» деген да кептер тараган.
Толук бир жыл тасма аянтында “жашап” иштеген актёр учурда кайра Тель-Авив шаарына кетүүнү ойлонуп жаткан кези. Кириллдин айтымында, эми мындан ары спектаклдерде ойноону биротоло токтотот. Кинодо роль жаратуу – актёрдун өзү үчүн алда канча жеңилирээк жана кызыктуу. Анан да каармандары өзүнө окшош болсо, аны жеткиликтүү аткаруу оңой. Мисалы, “Татьянин день” сериалындагы эки кыздын талашына түшкөн жигиттин тагдыры качандыр бир кездеги өзүнүн тагдырын чагылдырган. Бирок, анда эки кыздын эмес, үч курбу кыздардын талашы жүргөн.
Көпчүлүктүн сүйүктүү актёру Кирилл Сафонов аткаруучулуктан тышкары ырдоо жагынан да өтө таланттуу. Жаш кезинен эле гитарада да катыра ойнойт. Андан тышкары, кылыч менен чабышуу – Кирилл алектенген спорттун түрү.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 275, 8-14-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан