“Хит-парад” телеберүүсүнүн алпаруучусу Нурзат Токтосунованын турмушка чыкканына бир далай убакыт болду. Кыргыздын илгертен келаткан салты боюнча келерки жуманын аягында Нурзаттын ата-энеси кызына сеп бергени жатат. Нурзат бой жеткенде эле апасы шырдагын оюп койгону менен аягына чыгарган эмес. Телеалпаруучунун апасы кызы башка үйбүлөнүн мүчөсү болуп кеткенден кийин оюлган шырдакты аягына чыгарып, майда куралган жер төшөк, жууркан тигип, энелик милдетинен кутулганы жатат.