Жакындан бери “Коштошуу”, “Досума” аттуу ырлары менен Гүлжигит Сатыбеков деген ысым пайда болду. Ичиндеги оргуштап жаткан ырларын сыртка чыгарууну максат кылган бул жигит ырчы болуу үчүн айылга уулу менен аялын таштоого аргасыз болгон. Борборго келгенден кийин жасаган ишинин акыбети кайткан Гүлжигиттин “Айбийке” аттуу жаңы альбому жарык көрдү.