Куудул Назира Жетигенова Жалалабат аймагындагы түрмөлөрдү кыдырып, кайрымдуулук кечелерин өткөрүүдө. Кечеге көбүнесе куудулдар катышкандыктан, абакта отургандар көңүлдүү маанай менен кабыл алышууда. Демек, темир тор артындагылардын маанайын көтөрүүнү максат кылган чыгармачылык топтун ою ишке ашууда.