Бир топ жашты чапчыса да жапжаш көрүнгөн ырчы Алина Жетигенова чыгармачылыгынын өтөөлүнө чыгууну көздөп, талыкпастан эмгектенип келет. Ырдап чыга элек кезинде эле рок, жаз багытында ырдоону максат кылган ырчы эми ошол тилегине жетип, рок аткаруучусу катары сахнага бет алганы жатат. Апасынын мындай тилеги бар экенин билген уулу Азиз менен ырчы Мирбек Атабеков рок багытында жазылган ырды сунушташкан. Алина жаштардын сунушун чын көңүлүнөн кабыл алды.