Шаардын ысыгынан качкан ырчы Гүлнара Тойгонбаева кыргыздын ажайып көлү Соңкөлгө барып эс алып келди. Достору менен аңчылыкка барган ырчы көзгө атаар мерген экенин ошондо сезген. Кичинекейинен мергенчиликке кызыккан ырчы кыз машинадан эле мылтыгын октоп, бир суурду мээлеп туруп атып калган. Ырчынын достору жарадар болгон суурду ийинине жеткирбей кармап калышкан. Көзгө атаарлыгына сүйүнгөн Гүлнара суурду жанындагылардын бирине белек кылып, өзү куйругун кесип алган. Куйрукту кургатып, андан ачкыч илгич жасап алыптыр.