27-августта “Аки-пресс” маалымат агенттигинде ырчылар Нэна менен Эрландын продюсерлери журналисттерге пресс конференция өткөзүштү. Конференциянын жүрүшүндө эл аралык конкурска 25 өлкөдөн 55 ырчы катышкан жана жыйынтыгында биздин ырчылар 3-орунду ээлеп кайткандары белгилүү болду. Эскерте кетсек, “Славян базары” 19-августтан 21ине чейин Крым республикасынын борбору Симферополь шаарында өткөн.