«Аялзаты кайсы куракта болбосун өзгөрө алат» деген ишенимди “Аssol” имидж борбору далилдеп жатат. Ассоль атайын Казакстанга барып, стиль боюнча академиянын “Имиджмейкер” бөлүмүндө окуп келгенден бери аялзатынын келбетин өзгөртүп, жаңы стиль берүүгө басым жасап келет. Гезитибиздин мурунку санында Сүйүнтай Парманкулова деген айымга эксперимент жасалып жатканын жазганбыз. Бир жуманын ичинде “Assol” имидж борборунун бардык кызматтарын көргөн Сүйүнтайдын көлөмү “Арыктоо коктейлинин” жардамы менен бир өлчөмгө кичирейди.