БОЛЛИВУД – ИНДИЯ КИНОСУНУН МЕКЕНИ

“Башкаармандар: бирин-бири түбөлүк сүйгөн Рам менен Ажия, сценарий боюнча мыкаачы жана ташбоор кыздын атасы Раджа Притхвирадж, анын миллиардер шериктешинин уулу Санам. Тоо этектеринде чуркап, анан деңиз жээгине барып кубалашып, андан соң гүлдүү талаада чогуу бийлеп келген Рам менен Ажия атасы Раджадан тил угушат. Кызын досунун уулу Санамга күйөөгө бериш үчүн Раджа Рамды жалган жалаа менен түрмөгө отургузуп салат. Капурдун 110 жаштагы чоң энеси Ажия менен Санамдын бир тууган экенин айтат. Муну уккан Санам Рамды түрмөдөн куткарууну чечет да, эки эр жигит жолунан чыккан 45 күзөтчүнү жайлап коюшат. Раджа ызасына чыдабай жүрөгүн кармап өлөт. Ажия менен Рам баш кошуп, Санам куруп берген сарайда жыргап-куунап жашап калышат”. Бул – жомок эмес, бул – индия киносу.

Болливуд деген эмне?
Көпчүлүк адамдар «индиялык кинолордун баары Болливудда тартылган» деп жаңылышат. Чындыгында, Болливуд – Индиядагы миңден ашуун киностудияларды камтыган тармак. Ал эми буга окшогон тармактар өлкөнүн ар бир шаарында бар. Бомбей жана Голливуд деген сөздөр кошулуп, эл ичинде “Болливуд“ деп айтылып калган аймак картада жана расмий документтерде Мумбай (мурунку Бомбей) деп аталат.
Болливуд – АКШнын Калифорния штатындагы Голливуддун көчүрмөсү. Жадакалса тоо боорунда “Bollywood” деген чоң жазуу да бар. Болливуддагы эң чоң “Filmalaya” жана “Film City” баш болгон киностудиялар жыл сайын 800-900гө жакын тасма тартып чыгарышат. Бул болсо Голливуддун кинолорунан 3 эсе көп. Индия киносунун тарыхында ушул күнгө чейин жалпы эсеп менен 27 миң тасма жаралган. Мындай жетишкендик өз кезегинде өлкөнүн Гиннес рекорддор китебине катталуусуна себеп болгон.

Алгачкы тасма
Эң алгачкы индия фильми “Раджа Харишчандра” 1913-жылы тартылган. Албетте, бул үнсүз тасма эле. Ал эми “Дүйнөнүн кооздугу” деп аталган биринчи үндүү кино экран бетине 1931-жылы чыккан. Оор саясый абалды башынан кечирип жаткан өлкөнү “алаксытуу” үчүн Франциядан, Англиядан алынып келген жакшы турмуш, махабат, адилеттүүлүк тууралуу классикалык мелодрамалар көрсөтүлчү. Чоң шаарларда кинотеатрлар курулуп, бул искусство өзгөчө жаштардын бош убактысын ээлей баштаган.

Алтын доор
Индия киносунун алтын доору 1947-жылы, өлкө эгемендүүлүккө жеткен кезде башталган. Эми индиялык көрүүчү чет өлкөнүн тасмаларына муктаж болбой калган да, мамлекет киночуларга “өзүбүздүн тасмаларыбызды тарта баштагыла” деген тапшырма берген. Дээрлик окшош сценарий менен тартылган мушташ фильмдери биринин артынан бири жарала баштайт. Өз күчү менен алгачкы түстүү кинолорду тартууга көзү жеткен продюсерлердин бири Радж Капур эле. Учурда Болливуддагы эң чоң киностудиялардын бири анын атынан аталган. 1970-80-жылдары Амитабх Баччан аттуу жылдыз пайда болган. Продюсер, режиссёр, актёр Баччан дагы бүгүнкү күндө эң популярдуу жана престиждүү кинокомпаниянын ээси.

Кризис
1990-жылдан тартып болливуддук киноөндүрүш кризиске кабылат: телевидение, компьютердик технология өнүгүп, эми кинотеатрга баруу модадан чыккан нерсеге айланат. Батыштын таасири алдында чоңоюп жаткан жаш муунду сүйүү жана романтика менен алдоо мүмкүн эмес болуп калган. Болливуд “жаңы” көрүүчүнүн көңүлүн буруу үчүн башка жаңы нерсе ойлоп табуусу керек болгон.

Заманбап кинематография
90-жылдардын аягында Болливудда драма жана мушташтан сырткары жаңы жанр батыштын кинолорунан көчү­рүл­гөн “клон-тасмалар” киносүйүүчүлөргө сунуштала башталган. Американын таасири тасманын мазмунуна гана эмес, андагы ыр-бийлерге да белгилүү бир деңгээлде таасирин тийгизген.
Кайсы гана мезгилде жаралбасын, ар бир индия фильмине тиешелүү бир сапат – анын мюзикл жанрын камтышы. Укмуштуу ыр-бийлер индия киносунун тарыхында өз актуалдуулугун эч качан жоготкон эмес.
Акыркы жылдары индия киносу кайрадан тээ баштапкы нугуна кайрылып, кайрадан сүйүү темасын камтыган жеңил сценарийлүү тасмалар тартылууда.

Болливуддук цензура
Индияда “кино китеп, гезит, телевидениеге караганда көрүүчүгө көбүрөөк таасир калтырат” деген түшүнүк бар. Эң акыркы күндөрдө жарык көргөн саналуу кинолорду эске албаганда, көңүл ачуу менен бирге эле тарбия берүү – дээрлик ар бир индия киносунун максаты.
Кинотеатрларда тасма башталаарда бутта туруп мамлекеттик гимнди аткаруу кээбир шаарларда бүгүнкү күнгө чейин сакталып келаткан көрүнүш.
Болливуд тасмаларына өбүшүү эмес, бетинен бир өөп коюу эпизоддорун кошуу 90-жылдардын аягында гана мүм­күн болду. Чекесинен, көзүнөн сүйүү – эң ысык сезимдерди көрсө­түүгө коюлган чек. Албетте, тасмада төшөк көрү­нүшү тууралуу кеп да жок. Жаштардын сүймөн­чүгүнө айланган актёр, актрисалар кийинки муунга туура эмес тарбия берүүгө укугу жок жана мындай эпизоддор мамлекеттик цензурадан өтпөйт.

Индия киносу дүйнөдө
Болливуд Голливуд менен жашташ болсо да, дүйнөгө арнаган тасмаларынын саны боюнча алдыда. Бир нече индиялык актёрлор да бүткүл дүйнөгө таанымал. Бирок, азиялык режиссёрлордун тасмаларынан айырмаланып, болливуддук фильмдер батыш менен Европада анча баалана бербегени кызык. 1999-жылы жарык көргөн “Лаган” деп аталган фильм эл аралык сыйлыктардын ичинен эң барктуусу болгон “Оскар” сыйлыгынын наамына татыган эң биринчи жана азырынча эң акыркы индиялык фильм болуп эсептелет.

Болливуд жылдыздары жана гонорарлары
Болливудда атактуулукка жетүүнүн үч жолу бар: биринчиси – кинодинастиянын мүчөсү болуу. Мисалы, Радж Капур киного балдарынан тартып жээндерин, бөлөлөрүн алып келген. Экинчиси – Улуттук драматикалык мектепти аяктоо. Үчүнчү жолу – татаал, бирок, тезирээк фотомоделдин окуусун бүтүрүп, тандоого катышуу. Мындан сырткары, Болливудда ийгиликке жетүү үчүн англис тилин суудай билүү зарыл.
Чыгыш сулуусу, Индиянын символу Айшвария Рай Болливуддун эң көп гонорар алган актрисасы. Ал бир тасмага тартылганда эле 2 крор алат. Бир крор 10 миллион рупияга, дээрлик 10 миллион сомго барабар. Бир жылда сөзсүз 3 же 4 тасмага тартылууга жетишкен Айшвариянын жылдык маянасын эсептей бериңиздер.
Атактуу Баччандардын үйбүлөсү­нүн кичүү өкүлү Абхишек Баччан дагы Болливуддун жаркыраган жылдызы. Ал атактуу Амитабх Баччандын уулу гана эмес, таланттуу актёр, режиссёр жана кино жаатында таасирдүү адам катары өзүн көрсөтө алды.
Болливуддун эң көп маяналуу актёру, кыздардын сүймөнчүгү Шахрукх Хан бир эле ролу үчүн 6-7 крор гонорар алат. Алгач сериалдарда кичинекей ролдорду ойногон Шахрукх кийин чоң-чоң тасмаларда тартыла баштаган. Ал катышкан фильм сөзсүз түрдө хитке айланат. Ал эми таланттуу актёр фирманын жетекчиси, дүкөнчү, жиндиканадагы оорулуу... айтор, бардык образды жарата алгандыгы менен башкалардан айырмаланат.

Болливуддун акыркы жаңылыктарынан
Укмуштуудай чыгыш бийлери менен популярдуу болгон колумбиялык ырчы Шакираны Индиянын жаңы “Om Shanti Om” тасмасында көрүү ыктымалыбыз бар. Өткөн жылдын аягында ырчы Индияга концерттик турне менен барганда жаңы тасманын алгачкы кадрлары тартылмак.
Болливудда Фёдор Достоевскийдин “Ак түндөр” повестинин негизинде “Saawariya” («Сүйүктүү кызым») романтикалуу мюзикл тартылат. Тасманын режиссёру – Санджей Лила Бхансалиа.
“Зита менен Гита” (1972) тасмасында эгиз кыздардын ролун аткарган Хема Малини учурда 58 жашта. Ал индиялык парламентке депутат болуп шайланганына карабай кинокарьерасын дагы таштаган эмес.
Ал эми “Диско бийчиси” (1982) фильминин жылдызы Митхун Чакраборти 60тан ашып калды. Акыркы жылдары актёр тасмага тартылуусун токтотуп, көп учурда кайрымдуулук иштерин алпарып келет. Индия киносуна кошкон салымын урматтап актёрду дайыма ири кинофестивалдарга конок катары чакырып турушат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 276, 15-21-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан