«АйкаДем» бий тобуна каалоочулар кабыл алынат» деген жарнамада жазылган телефонго коркутуп-үркүткөн билдирүүлөр келген. Телефондун ээси – топтун бийчиси. Учурда билдирүүлөрдү жазган адам кармалып, ага кылмыш иши козголду. Бул иш тентек күйөрмандын тамашасыбы же башка себеби барбы, азырынча белгисиз.