Ырчы Айжан Газиева чачтарачканага барып, белине жеткен чачын устара менен кырдырып салды. Анын жашоодогу принциби – эч кимден жана эч нерседен көз каранды болбоо. Ырчы буга чейин дайыма чачына көз каранды болуп келген. Кайсы жакка барбасын, чачынын айынан күзгүнүн алдында 2 саат отурчу. Азыр ырчынын чачы бир сантиметрге өстү. Мындан ары анын чачынын узундугу дайыма ушундай болмокчу.