ЖЕТ ЛИ

Белгилүү актёр Жет Ли 40 жашка чыкканга чейин спорт менен машыгып, денесин физикалык жактан күчкө толтуруу менен алектенген болсо, 2003-жылдан тарта ички дүйнөсүнө да чоң көңүл бура баштады. Мурда бир гана өзүнө байлык топтоо менен алектенип келсе, эми өзүнүн кичинекейиндеги кедей турмушту башынан өт­көр­гөнүн эске алып, жакырларга жардам берүү үчүн атайын кайрымдуулук фондун ачты. Алтургай жакында эле мындан аркы иштеп тапкан байлыгынын баарын жетишпеген үйбүлөлөргө арнаарын жар салды. Бул – ары кайрымдуу, ары сүйкүмдүү жана таланттуу актёр Жет Линин жашоосундагы акыркы кабарлар. Ал эми актёрдун төрөлгөндөн азыркыга чейинки турмушу төмөнкү макалада...

Толук аты-жөнү – Ли Лянцзе Лиан
Үйбүлөлүк абалы – Эки жолу үйлөнгөн. Үч кыздын атасы
Боюнун узундугу – 169 см, Салмагы – 66 кг
Туткан дини – Буддизм Жактырган түсү – Ак
Адамдардагы баалаган сапаты – Акылдуулук

Жет Ли көпчүлүк айтып жүргөндөй, легендарлуу киноактёр Брюс Линин иниси эмес, өзүнүн чын аты – Ли Лянцзе. Ли 1963-жылы Кытайдын Пекин шаарында туулган. Эки жашында атасынан ажырап, 5 биртууган апасынын колунда калат. Дайыма апасынын, эки байкесинин, эки эжесинин көзөмөлүндө тургандыктан, Ли тентектик кылууну билген эмес. Учурда ошондогу «мындай кылууга болбойт», «муну жебеш керек», «абайла, жыгыласың» деген сөздөрдөн улам керек болсо, бала катары таптакыр ойнобой да калганын айтып келет. Ал эми мектепке болсо 8 жашында барып, эң жакшы окуган жана эң тартиптүү бала катары башкаларга үлгү болчу. Мугалимдеринин да сүйүктүү окуучусу болгондуктан, сабактарынан эч кыйналган эмес. Анткени, сынактарда бериле турган суроолордун жооптору алдын-ала Линин алдында жатчу. Ал эми ырдаганды таптакыр билбегендиктен, музыка сабагы болочок актёр үчүн эң оор сезилчү. Бирок, бул сабак болоор күнү дайыма Линин «тамагы ооруп» калып, мугалимдери айласыз эң жакшы окуган балага «5» деген баа коюп беришээр эле.
Жет Ли 8 жашынан тарта эле Пекин шаарындагы спорт мектептеринин биринде ушу жаатында машыга баштайт. Үч жыл ичинде спорттун бул түрүндө такшалууга жетишип, Пекин курама командасына кабыл алынат. Ал эми кийинки жылы балдар арасындагы күрөштөн жана дао кылычтары менен согушуудан биринчиликти багындырып, 11 жаштагы Ли бул тармакта бүткүл Кытай Эл Республикасынын чемпиону аталат. 1974-жылы өзү машыккан спорттун түрү менен Кытай элинин намысын коргоо үчүн дүйнө­лүк таймашка аттанган. Биринчи сапары жемиштүү болуп, башкы орунду ээлеген жана ошол кездеги АКШнын президенти Никсондун өз колунан сыйлык алып кайткан.
Жаш болсо да бир топ жетишкендиктерди багындырган Жет Лиге 1982-жылы киного тартылуу сунушу келип түшкөн. Буга макул болгон Ли «Шаолинь чиркөө­сү» аттуу сериалда башкаармандын ролун жогорку деңгээлде аткаруу менен кинодүйнөсүнө байсалдуу кадамын таштаган. Ал эми бул сериалды актёрдун карьерасындагы «визиттик баракчасы» десе болот. Анткени, ушул кинодон кийин Жет Ли Кытайдагы эң атактуу актёр катары таанымал болуп, анын аткаруусундагы мушташ кинолор эл суранып көргөн, суроо-талабы жогору тасмаларга айланган. Андан тышкары, роль жаратуудагы эң тез кыймылдары үчүн Ли «Жет» деген атка конгон. «Жет» – бизче «тез, ылдам» дегенди түшүндүрөт.
Өз мекенинде жана жалпы эле Азия өлкөлөрүндө жыйырма бештен ашык кинотасмаларда роль жараткан соң Жет Ли дүйнөнү багындыруу максатында Голливудга сапар алат. 1998-жылы көптөн күткөн тилеги орундалып, актёрдун катышуусунда англис тилиндеги «Өлүм куралы-4» деп аталган жаңы тасма жарыкка чыгат. Андан көп узабай эле Американын белгилүү режиссёрлорунан жаңы фильмдерге тартылуу сунуштары түшө баштаган. Жыйынтыгында, «Ромео өлүшү керек», «Ажыдаардын өпкөнү», «Бешиктен чыгып мүрзөгө» деген сыяктуу белгилүү кинолор пайда болгон. Учурда Ли Кытай киноактёрлору арасында эң көп гонорар алган тажрыйбалуу аткаруучу катары да таанымал. 13 миллион долларды түзгөн бул рекордду Ли «Полк башчылары» фильминдеги ролу үчүн алган. Кытайдан чыккан атактуу жа­на легендарлуу актёрлор Жеки Чан менен Жет Ли биргеликте кино тартуу идеясын 2005-жылы айтышкан эле. Бирок, тилекке каршы, үч жылдан бери эки актёрду тең канааттандырган киносюжет табылбай келет.
Жет Ли үчүн киного тартылуу бир гана атактуулук менен байлык алып келген жок. Кээде тасмага тартылуу убагында өмүрүнөн айрылып калуу коркунучтарына да кабылган. Алардын арасынан үчөөсүн Ли эч унутпасын айтып келет. Атап айтканда, биринде аскадан учуп кете жаздаса, экинчисинде жарылган машина менен кошо күйүп кетүү коркунучуна кабылган. Алтургай буттары жана денеси жеңил күйүк алган, ошондой эле акыркысы – актёрдун сууга чөгүп кеткени. Жанындагы жардамчылары куткарып калбаганда Жет Ли 1998-жылы каза тапмак. Ал эми Жет Линин денесиндеги сыныктарын санап чыгуу мүмкүн эмес, анткени, ар бир киного тартылуу маалында жок дегенде колунун манжаларын кокустатып же сындырып алаарын маалымдаган эле. Алардын эң коркунучтуусу, Линин белинин үч жеринен сынгандыгы болчу. Бул иш тасмага тартылуу убагында болгондуктан, ролдон баш тартуусуна туура келип, бир жылдан ашык убакыт киного тартылууга шарты жок үйүндө жатканын айтууга болот. Ал эми кинонун жаратуучулары тасмага түшүрүү жаңы эле башталгандыктан, тез эле башка актёрлор менен келишим түзүшкөн. Жалпысынан Жет Ли бардыгы болуп элүүгө жакын кинофильмдерде роль жараткан жана келечекте да тасмага тартылуусун токтотууну ойлоно элек.
«Экинчи Брюс Ли» атка конгон актёр Жет Ли ушу менен машыгуунун артынан бир гана атактуулукту багындырып, өз карьерасын жөнгө салып тим болбостон, жеке жашоосунда да өз жолун тапкан. Жаңыдан кинолорго тартылып, согушуунун кунг-фу жаатында биринчиликти багындырып турган кезде 1987-жылы Жет Ли чоң сүйүүгө кабылып, аз убакыт сүйлөшүп жүргөндөн кийин эле ал сүйгөн кызы Куиен Хуанг менен кол кармаша үйлөнүү тоюн өткөрөт. Бирок, «жаңылбас жаак, мүдүрүл­бөс туяк болбойт» демекчи, жубайлар эки кыздуу болгондон кийин пикир келишпестиктердин айынан ажырашып кетишет. Кайрадан 1999-жылы актёр тасма аянтынан 1990-жылы популярдуулукка жетишкен өзүнөн эки жашка улуу актриса Нина Ли Чи менен таанышат. Ортолорун тез эле сүйүү сезимдери аралап, көп узабай бирин-бири жакшы түшүнгөн ынтымактуу жубайларга айланышат. «Ал кезде менин байлыгым жок болчу. Ал эми Нинанын артынан чуркаган жигиттердин дээрлик баары байдын балдары эле. Ошентсе да Нина мени тандап, «сен үчүн баарына даярмын» деген сөздөрүн айткан. А мен болсо калган өмүрүмдү аны менен чогуу өткөрүүгө сөз бергем»,- дейт бул тууралуу Жет Ли. Өз сөзүнө турган актёр учурда Нина менен ынтымактуу турмуш кечирүүдө. 2000-жылы жубайлар кыздуу да болушкан. Ал эми актёрдун жубайы Нина үйбүлөлүк турмушту биринчи орунга коюп, жолдошу жана кызы үчүн кино карьерасын биротоло токтоткон. Бул болсо Линин бактылуу адам экендигин дагы бир ирет даңазалап турат. Анткени, актёр «алган жарың үйүңдө балаңды багып, тамагыңды бышырып, үйбүлө очогун жандырып турса, мындан өткөн бакыт жок» деп жар салып келет эмеспи. Ал эми жолдошунун бул сөздөрүн колдогон Нина учурда үй кожойкеси. Буга жооп катары Ли дагы жубайына керектүү жерде колдоо көрсөтүп туруу өз милдети экендигин унутпайт. Актёрдун Нинанын кош бойлуу учурунда анын жанында болуу үчүн киного тартылуусун толук бир жылга токтоткондугун өз сөздө­рү­нүн далили катары кароого болот. Ынтымактуу үй­бү­лө учурда Пекин шаарында жашашат.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-15 01:46:08
Аябай жагат мага Ли
+1
№ 276, 15-21-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан